Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 5-апрели ПЖ № 45
Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө
(КР Президентинин 2019-жылдын 8-августундагы ПЖ № 103, 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 167 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Эркиндик менен адилеттикти туу туткан намыскөй элибиздин мыкты уулдары 2010-жылдын 7-апрель күнү Кыргызстанда нукура демократиялык түзүлүштү орнотуу үчүн жанын берип, үй-бүлөлүк кландык башкарууну кулатты.
2010-жылдын 7-апрелиндеги кайгылуу окуяларда курман болгондордун эрдигине терең таазим этип, алардын элесин түбөлүккө калтыруу, ошондой эле кыргыз элинин адилеттик үчүн күрөшүндө тарыхый мааниге ээ болгон Элдик Апрель революциясынын юбилейлик 10 жылдыгын 2020-жылы белгилөө максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн аталган планын ишке ашыруу боюнча финансылык жана башка маселелерди чечүү сунуш кылынсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |
|
| Тиркеме |
Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
(КР Президентинин 2019-жылдын 8-августундагы ПЖ № 103, 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 167 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кененбаев Алмаз Муканович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Темиралиев Таалайбек Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси - министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары |
Каптагаев Эмилбек Саламатович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы; |
Орозалиев Акылбек Атабекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы; |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; |
Усубалиев Максат Абдыкадырович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Маматканов Улан Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Саралаева Жанна Урматовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; |
Жунушалиев Кашкар Астаканович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Исаков Каныбек Абдуваситович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Абдикаримов Сабиржан Токтосунович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Жаманкулов Азамат Капарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; |
Суракматов Азиз Эмильбекович | - | Бишкек шаарынын мэри; |
Сарыбашов Таалайбек Насирбекович | - | Ош шаарынын мэри; |
Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Алымкулов Эмилбек Абдыраимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Юсупов Байыш Юсупович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Мураталиев Марат Молдонович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Тулобаев Балбак Зарлыкович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
Намазалиев Алтынбек Абдисаламович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жайнак Үсөн уулу | - | Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору; |
Исаков Исмаил Исакович | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Айдабасунова Нурия Иманкуловна | - | "Мекен Шейиттери" коомдук бирикмесинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Таштекеева Кишимжан Касымовна | - | "Баатырларга Таазим" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Мамбетов Маратбек Керимович | - | "Апрель Баатырлары" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Бианки Маралбу | - | "Жаркын Элес" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Матиева Максат Саидрахмановна | - | "Эр Теги" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Исаков Жылдызбек Бегалиевич | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Очокеев Талантбек Койчуманович | - | "Апрель. Элим. Кыргызстан" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Шеримбаев Усупбий Бактыбекович | - | "Айкөл Таза Коом" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Алиев Замирбек Темирканович | - | "Апрель Баатырлар Биримдиги" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Дөөлөталиев Конушбек Бапышович | - | "Апрель байрагы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |