Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 5/3
Дөбөлу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган объектилердин каттоо жана Реестрин жүргүзүүнү уюштуруу тууралуу Жобосун жана Дөбөлу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объектилерин узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага берүү Эрежелерин бекитүү тууралуу
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине жана Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Уставына ылайык, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган муниципалдык менчикти башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана кыймылсыз мүлк объектилеринин узак мөөнөттүү ижарага берүү тартибин иретке келтирүү максатында Дөбөлү айылдык кеңеши чечим кылат :
1. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган объектилердин каттоо жана Реестрин жүргүзүүнү уюштуруу тууралуу Жобосу бекитилсин (№1 Тиркеме )
2. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объектилерин узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага берүү Эрежелери бекитилсин. (№2-тиркеме)
3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
4. Бул токтомду аткаруу көзөмөлү Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Бектемиров А.Т. |
| Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 2017-жылдын 10-мартындагы 5- сессиясынын 5/3 Токтомуна №1тиркеме |
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объектилерин узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага берүү
Эрежелери
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерин узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага берүүнүн ушул Эрежелери (мындан ары – Эрежелер) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объектилерин узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага берүүнүн тартибин карайт.
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерин узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага берүү сынак түрүндө ачык соода-сатык өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт (мындан ары – сынак), анда ар кандай жеке адамдар жана юридикалык жактар катыша алат.
Кыймылсыз мүлк объектисине узак мөөнөттүү инвестициялык келишимин түзүүгө укук сынактын заты болуп эсептелет, ага ошол кыймылсыз мүлк объектисин тейлөөчү жер тилкеси да (курулуш салынган жер жер тилкеси) же айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган бош жер тилкеси кирет.
Айыл өкмөттүн муниципалдык менчигинде турган узак мөөнөттүү инвестицияларды талап кылган кыймылсыз мүлк объектилери физикалык жана юридикалык тараптарга узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага берилет.
Муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлк объектилеринин тизмеси ал сынакка коюлушу ыктымал болсо, Комиссия тарабынан түзүлөт, айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.
Сынакка даярдануунун жана өткөрүүнүн айылдык кеңештин чечими менен түзүлгөн Комиссия (мындан ары – Комиссия) ишке ашырат.
Комиссиянын курамына айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик органдын жергиликтүү структуралык бөлүктөрүнүн жетекчиси, ошондой эле коомчулуктун өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын айыл өкмөтүнүн сунушу менен кеңеш бекитет.
Комиссиянын чечимдери комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин катышуусунда көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Комиссиянын протоколу комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет.
Комиссия төмөнкү иш милдеттерди жүргүзөт:
- кыймылсыз мүлк объектисине ижара укугун берүү боюнча сынак өткөрүүгө чечим кабыл алат;
- ижара акысынын баштапкы өлчөмүн белгилейт;
- сынактын уюштуруучусу катары чыгат жана аны өткөрүү боюнча чараларды көрөт (кабарлоо, чапталып келген конверттерди кабыл алуу ж. б. );
- ушул Эрежелерде белгиленген тартипте сынактын натыйжасын бекитет;
- ушул Эрежелерде жана кеңештин башка чечимдеринде каралган компетенция алкагында кыймылсыз мүлк объектисине ижара укугун берүү менен байланышкан дагы башка маселелерди чечет.
2. Сынактын күнүн дайындоо жана коомчулукка маалымдоо
Сынакты өткөрүү жөнүндө кабар Комиссия тарабынан массалык маалымат каражаттарында жарыяланат жана сынакты өткөрүү күнүнө 20 (жыйырма) күн калгандан кечиктирилбестен коомдук жайларга илинет.
Сынакты өткөрүү жөнүндө кабарда төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы тийиш:
- сынакты өткөрүү күнү, убактысы, орду анда коюлган заттар;
- чапталган конверттерде сунушталган баасы коюлган табыштаманы кабыл алуу күнү, убактысы;
- ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлк объектисинин аталышы жана баяны (жайгашкан орду, аталышы, тиби, аянты);
- катышуучуларды кыймылсыз мүлк объектисине өздөрүнүн ижара шартын сунуштоого чакыруу;
- объектиге уруксат берилген иш-аракеттерди тизмеси;
- ижара мөөнөтүнүн узактыгы;
- сынакка катышуучулардын кыймылсыз мүлк объектисин алдын ала карап чыгуунун жана ижара келишиминин долбоору менен таанышуунун мөөнөтү, орду жана тартиби;
Комиссиянын атынан табыштама кабыл алууну (чапталган конверт менен сунуш берилет) жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын байланыш телефонунун номуру же аты-жөнү;
сынактан себебин түшүндүрүп олтурбастан баш тартууга, аны өткөрүүнү кийинкиге жылдырууга же сынактан кандай объектини болбостон сынакты өткөрүү күнгө чейин 3 (үч) күндөн кечиктирбестен алып коюуга комиссиянын укугу жөнүндө.
Жарыяланган маалыматтын чындыгы жана кабардын мазмунунун ушул Эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келиши үчүн жоопкерчиликти Комиссия тартат.
Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
себебин түшүндүрүп олтурбастан сынактан баш тартат, аны кийинкиге жылдырат же сынакты өткөрүү күнүнүн жарыялаганга чейин 3 (үч) күндөн кечиктирбестен сынактан кайсыл объектини болбосун алып салат. Көрсөтүлгөн мөөнөттү бузуу менен сынакты өткөрүүдөн баш тарткан учурда сынакты уюштуруучу сынактын катышуучуларына алар тарткан анык зыяндын ордун төлөп берүүгө милдеткер.
Комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:
массалык маалымат каражаттарында сынакты өткөрүү жөнүндө билдирүү жарыялайт жана аны сынакты өткөрүү күнүнө 20 (жыйырма) күндөн кечиктирилбестен коомдук жайларга илет;
табыштаманы каттоо журналында сынакка катышууга табыштаманы кабыл алууну жана каттоону жүргүзөт;
ушул Эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сынак жүргүзөт;
сынакка катышууну каалаган адамдарга ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлк объектисин карап чыгуу мүмкүндүгүн камсыз кылат;
Сынакка катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:
сынакка өзү келет же өкүлү аркылуу катышат;
ушул Эрежелер менен таанышат;
белгиленген тартипте сынакка коюлган кыймылсыз мүлк объектисин карап чыгат;
ал боюнча керектүү маалымат жана кеңеш алат, ошондой эле зарыл болгон учурда өзүнүн эсебинен тийиштүү адистерди тарта алат;
ушул Эрежеде каралган башка аракеттерди жасайт.
Сынакка катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар сынактан утуп чыккан учурда сынактын натыйжасы жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып 10 (он) күндүн ичинде келишим түзөт.
Сынакты утуп чыккан адамды кошпогондо сынактын катышуучулары жөнүндө маалымат жарыялоого жатпайт.
Ижара мөөнөтү менен бирге узак мөөнөттүү инвестициялык ижаранын инвестициялык шарттары, ар бир кыймылсыз мүлккө инивидуалдуу түрдө белгиленет. Бул учурда инвестициялык шарттардын ижара мөөнөтү так кесе белгиленбейт, инвестордун тандоосу боюнча 15 жылдан 50 жылга чейинки интервал сунушталышы мүмкүн.
Кыймылсыз мүлк объектилерин узак мөөнөттүү инвестициялык ижара укугун берүү учурунда объектилерге уруксат берилген иш-аракеттер көрсөтүлөт.
Узак мөөнөттүү инвестицияллык ижара укугуна татыктуу инвестициялык долбоорду сунуштаган тарап ээ болот.
Сынакка катышуу каалоосун билдиришкен жеке жана юридикалык жактар объектинин аталышы жана жайгашкан орду көрсөтүлгөн чапталган конвертте сунуш кылган баасын жана башка шарттары жазылган табыштаманы берүүгө жана өздөрүнүн инсандыгын жана ыйгарым укугун күбөлөндүргөн (паспорт, юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, ишеним кат же анын көчүрмөсү, белгиленген мыйзам тартибинде күбөлүк) документтерди берүүлөрү милдеттүү.
Комиссия табыштамаларды чапталган конвертте кабыл алат жана табыштамаларды каттоо журналына аларды каттайт.
Табыштамаларды кабыл алуу конверттерди ачуу жүргүзүлө турган Комиссиянын ачык отурумунун башталышына 15 мүнөт калганда аяктайт.
Табыштамада объектинин аталышы жана жайгашкан орду жана объекти кандай пайдаланыла тургандыгы көрсөтүлөт.
Сынак Комиссия мүчөлөрүнүн кеминде 5 (беш) мүчөсү катышканда өткөрүлөт. Буга Комиссиянын төрагасы же анын орун басары кошулат.
Табыштамалар салынып чапталган конверттер Комиссиянын ачык отурумунда сынакка катышуучулар отурумга катышкан же катышпагандыгына карабастан коомдук жайда көпчүлүктүн көзүнчө ачылат.
Объектини пайдалануунун мыкты шартын жана инвестициялык долбоор сунуш кылган адамга узак мөөнөттүү инвестициялык ижара укугу берилет.
Сынакты өткөрүүгө байланыштуу Комиссия мүчөлөрүнүн ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар ачык добушка коюлуп, көпчүлүк добуш алуу жолу менен чечилет. Добуштардын саны тең болуп калганда төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Сынакты утуп чыккан катышуучу жана сынакты уюштуруучу сынактын натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюшат. Сынактын натыйжалары жөнүндө протокол эки нускада түзүлөт, бири Комиссия үчүн, бири соода-сатыктан утуп чыккан катышуучуга берилет.
Сынактын натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюуда уткан адам сынакты уюштуруучуга анын ким экендигин тастыктаган документтерди көрсөтүүгө милдеттүү, ал эми өкүлүнө карата протоколго кол коюуга укуктуулугун ырастоочу документти (ишеним кат) көрсөтөт.
Сынактын натыйжалары жөнүндө протоколдо сынакты өткөрүү күнү, убактысы жана орду, комиссиянын курамы, сынакта уткан адамдын аты-жөнү (аталышы) объектинин жайгашкан орду жана көлөмү, инвестициялык долбоор жана ижара тууралуу келишимдеги тараптардын милдеттери көрсөтүлөт.
Сынактын натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан сынактын катышуучусу ал төлөгөн шертпулдан айрылат жана сынактын жеңүүчүсү укугунан ажыратылат.
Бир киши катышкан сынак жараксыз деп табылат.
Комиссиянын күнөөсү менен далилсиз маалыматтар берилип калган учурда сынакта уткан адам сынактагы затты алуудан баш тартууга жана ал төлөгөн шертпулдун суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу
Тараптар кол койгон сынактын протоколу сынакты утуп чыккан адамга объектини ижарага берүү жөнүндө токтом кабыл алуу үчүн Айыл өкмөтүнө негиз болуп эсептелет. Токтомдо сынакты жеңген адам менен ижара келишимин түзүү, ижаранын узактыгы жана айыл өкмөтүнүн атынан келишимге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам жөнүндө көрсөтүлүшү керек.
Сынакта уткан адам жана айыл өкмөтү сынактын натыйжалары жөнүндө протоколдун негизинде сынактын натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн 10 (он) күндүн ичинде же сынакты өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн дагы башка мөөнөттө сынак келишимин түзүшөт.
Сынакты уткан адамдын аты-жөнүн (аталышы), Ижара келишими боюнча баасын жана дагы башка шарты менен чектөөлөрүн кошкондо, Сынактын натыйжалары жөнүндө комиссия коомдук жайларда илинген жазма кабарлама аркылуу коомчулукка билдирүүгө жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объекттеринин реестрине сынак өткөрүлгөндөн кийин 15 күндүн ичинде маалымат киргизүүгө милдеттүү.
Сынакты өткөрүү тартиби жана натыйжалары менен байланышкан талаш-тартыштар, анын ичинде алардын жараксыз деп табылышы сот тартибинде
| Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 2017-жылдын 10-мартындагы 5- сессиясынын 5/3 Токтомуна №2 тиркеме |
1.1. Бул Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган объектилеринин каттоо жана Реестрин жүргүзүүнү уюштуруу тууралуу Жобо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жана “Мүлккө карата муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
1.2. Жобо Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган объектилердин Реестринин (мындан ары - реестр) курамы менен структурасын, муниципалдык мүлктү каттоо тартибин, бул мүлктүн Реестрин жүргүзүүнү, Реестрдеги маалыматтарды берүүнү, Реестрге керектүү маалымат жана документтерди берүүнү аныктайт.
1.3. Реестрди жүргүзүүнүн максаты – муниципалдык менчикке объект катары чыгарылышы, Дөбөлү айыл аймагындагы башка мүлк түрлөрү менен ажырымын аныктоо, мулктүк жана башка укуктарды ар тараптуу каттоо, муниципалдык менчикте турган объект, мүлк, мекеме, ишканаларды башкарууну уюштуруу болуп саналат.
1.4. Реестрди жүргүзүү төмөнкү милдеттерди чечүүнү камсыз кылат.
-Муниципалдык менчикте турган бардык объектилерди каттоо;
-Муниципалдык менчикте турган объектилердин иштеп жаткан программаларга ылайык менчиктештирүү маселелерин оперативдүү түрдө чечүү;
-Экономиканын өзгөрмөлүү абалдарына жараша муниципалдык менчикте турган объектилерди рационалдуу колдонуу сунуштарын иштеп чыгуу;
-Муниципалдык менчикке тиешелүү мүлк ээсинин бул объектилерге болгон укуктарын ишке ашыруу маселелерин даярдоо жана чечимдерди кабыл алуу процессин маалыматтык-кеңештик камсыздоо;
-Муниципалдык менчикте турган объектилер жөнүндө кызыкдар болгон мамлекеттик, жергиликтүү башкаруу органдары, коомдук уюмдар, юридикалык тараптар жана бул объектилер менен укуктук байланыштары пайда болгон учурда, жарандык-укуктук иш-аракеттерди түзгөн учурда да жарандарды борборлоштурулган маалымат менен камсыздоо.
1.5. Муниципалдык менчикте турган объектилерге менен аткарыла турган бардык юридикалык аракеттер алардын Реестрге киргизилгенден кийин гана мүмкүн.
1.6. Реестрдин ээси Дөбөлү айыл өкмөтү болуп саналат.
2.1. Реестр муниципалдык менчикте турган объектилерди катто үчүн колдонулат.
2.2. Объектилердин катарына төмөнкүлөр кирет :
2.2.1 Муниципалдык ишканалар
2.2.2 Муниципалдык мекемелер
2.2.3. Чарба жүргүзүү укугу менен муниципалдык мекемелерге бекитилген муниципалдык менчикте турган объектилер
2.2.4. Оперативдүү башкаруу укугу менен муниципалдык мекемелерге бекитилген муниципалдык менчикте турган объектилер
2.2.5. Кыймылсыз мүлк объектилери (жер тилкелери, имараттар, курулуштар, мүлк комплекстери катары колдонулган ишканалар жана мекемелер, башка аймактык объектилер)
2.2.6. Кыймылдуу мүлк объектилери (транспорт каражаттары, финансылык айлануу каражаттары, сырьё жана материалдар, үлүштөр, пайлар жана акциялар)
2.2.7. Муниципалдык менчикте турган токой, кен байлык тилкелери, суу жана башка табигый объектилер
2.2.8. Укук субъектилери (юридикалык жана физикалык тараптар)
2.2.9. Укуктар жана чектөөлөр
2.2.10. Документтер
2.2.11. Кыймылсыз мүлк объектилери мүлктүк укук субъектилери болгон юридикадык жана юридикалык жана физикалык тараптар менен укуктук мамилелер менен байланыштуу.
3.1. Объектилер тууралуу маалыматтар аларды мүнөздөгөн маалыматтар (жайгашкан орду, чектөөлөр) болуп саналат.
3.2. Реестр төмөнкү маалыматтардын негизинде түзүлөт :
3.2.1. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн администрациясы бекиткен мүлктөрдүн тизмеси.
3.2.2. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн казынасынын курамына кирген мүлктөрдүн тизмеси.
3.2.3. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишкана жана мекемелерине бекитилген мулктөрдүн тизмеси.
3.3. Реестр 3 бөлүмдөн турат.
1-бөлүмгө муниципалдык кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматтар кирет :
-Кыймылсыз мүлктүн аты;
-Кыймылсыз мүлктүн дареги (жайгашкан орду);
-Муниципалдык кыймылсыз мүлктүн кадастрдык номуру;
-Кыймылсыз мүлктү мүнөздөй турган аянты, узундугу жана башка физикалык өзгөчөлүктөрү;
-Кыймылсыз мүлктүн баланстык баасы жана эсептелген амортизация (эскилиги);
-Кыймылсыз мүлктүн кадастрдык баасы тууралуу маалымат;
-Кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугунун пайда болуу жана токтотуу датасы;
-Кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугунун пайда болуусун (токтотуусун) тастыктаган документтердин реквизиттери;
-Муниципалдык кыймылсыз мүлктүн укуктук ээси тууралуу маалыматтар;
-Муниципалдык кыймылсыз мүлккө карата чектөөлөрдүн пайда болуу жана токтотуу датасы тууралуу маалыматтар.
Кыймылдуу мүлктүн аты;
Кыймылдуу мүлктүн баланстык баасы жана эсептелген амортизациясы (эскилиги);
Кыймылдуу мүлк укугунун пайда болуу жана токтотуу датасы;
Кыймылдуу мүлккө карата муниципалдык менчик укугунун пайда болуу (токтотуу) тастыктаган документтердин реквизиттери;
Муниципалдык кыймылсыз мүлктүн укуктук ээси тууралуу маалыматтар;
Муниципалдык кыймылсыз мүлккө карата коюлган чектөөлөрдүн пайда болуу жана токтотуу датасы тууралуу маалыматтар.
Акционердик коомдордун акцияларына байланыштуу Реестрдин 2-бөлүмүнө төмөнкү маалыматтар да киргизилет :
Акционердик коомдун-эмитеттин аты – мамлекеттик каттоо номуру;
Акционердик коом тарабынан чыгарылган акциялардын саны (привилегиялуу акциялардын саны менен бирге) Дөбөлү айыл өкмөтүнүн уставдык капиталдын көлөмүндөгү
тиешелүү пайыздары менен үлүшү;
Акциялардын накталай баасы.
3-бөлүмгө Дөбөлү айыл өкмөтү куруучу катары эсептелинген муниципалдык мекемелер кирет :
Толук аты – юридикалык тараптын уюштуруучу укуктук формасы;
Дареги (жайгашкан орду);
негизги мамлекеттик каттоо номуру жана мамлекеттик каттоо датасы;
юридикалык тарапты түзүүнүн негизи болгон документтин реквизити (юридикалык тараптын (уставдык капиталында) уюшулушундагы үлүшү);
баланстык жана негизги каражаттардын (фонддордун) калдыктык баасы тууралуу маалыматтар;
жумушчулардын орто эсеп менен саны.
4.1. Муниципалдык мүлктү каттоо жана Реестрин жүргүзүү Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.
4.2. Муниципалдык мүлктү каттоо болуп аны башка объектилерден айырмалай турган жеке өзгөчөлүктөрүн белгилөө менен объектини сүрөттөп жазуу эсептелинет.
4.3. Жер тилкелерин жана башка табигый объектилерди (ресурстарды) каттоо Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан мыйзам чегинде жана башка укуктук-ченемдик актылардын негизинде жүргүзүлөт.
4.4. Муниципалдык мүлктү каттоо объектилердин маалыматтарын Реестрге киргизүү аркылуу ишке ашат.
4.5. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык мүлкүн каттоо муниципалдык мүлк номурун (мындан кийин –реестрдик номур) ыйгаруу менен коштолот. Бул номур уникалдуу номур болгондуктан, муниципалдык объект тууралуу маалыматтар архивге которулганда кайрадан колдонулбайт.
5.1. Реестр кагаз жана электрондук түрдө жургүзүлөт. Эки көрсөтүлгөн булактарда маалыматтар бири-бирине туура келбей калган учурда, кагаз бетине түшүрүлгөн маалымат туура деп эсептелинет.
5.2. Электрондук булактагы реестр Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан тандалган компьютердик программада иштелип чыгат. Реестрдин электрондук булактардагы маалыматтарынын жок болуп кетүү коркунучу болгондуктан, Реестрдин кошумча копиялары түзүлөт.
5.3. Реестрди жүргүзүү объектилер тууралуу маалыматтарды каттоо, каттоодо турган объектилердин маалыматтарын жаңыртуу жана менчик формасынын өзгөрүүсүнүн же башка укуктардын пайда болушунун негизинде объектилерди Реестрден чыгарып салуу дегенди билдирет.
5.4. Реестрге киргизүүнүн негизи катары төмөнкулөр саналат :
- мыйзам чегинде жарандык укук жана милдеттердин негизи катары эсептелинген мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актылары;
- Дөбөлү айылдык кеңешинин чечимдери;
- Дөбөлү айыл өкмөтүнүн чечимдери (буйруктары)
- соттун чечимдери;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук-ченемдик актыларынын негизинде жүргүзүлгөн алмашуу, белекке берүү, сатып алуу-сатуу, күрөө жана башка жарандык-укуктук аракеттер.
5.5. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн объектилеринин каттоосундагы өзгөртүүлөр аларга тиешелүү өзгөрүүлөрдү тастыктаган документтердин негизинде жүргүзүлөт (мекеме жана ишканалардын баланстык отчеттору, кыймылсыз мүлк укугун каттоо жана ага байланыштуу аракеттер боюнча мамлекеттик каттоо органдарынын маалыматтары, инвентаризациянын маалыматтары ж.б.).
5.6. Реестрден объектилерди чыгарып салуунун негиздери төмөнкүлөр болуп саналат :
- мыйзам чегинде жарандык укук жана милдеттердин негизи катары эсептелинген мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актылары;
- кыймылсыз мүлк укугун каттоо жана ага байланыштуу аракеттер боюнча мамлекеттик каттоо органдарында менчик укугунун башка тараптарга мамлекеттик катталышы;
- соттун чечимдери;
- Дөбөлү айыл өкмөтүнүн мүлктү жокко чыгаруу боюнча чечими.
5.7. Реестрден объектини чыгарып салуу мүлк ээсинин маалыматынын өзгөрүлүшүнүн, юридикалык тараптын жоюлушунун, мүлктүн физикалык жана юридикалык эскирүү себебинин натыйжасында жок кылышынын, ошондой эле авария, табигый кырсыктар, жана башка өзгөчө кырдаалдардын же башка себептердин негизинде ишке ашат.
5.8. Реестрден чыгарып салуу муниципалдык менчиктен чыгарылышынын уландысы болуп саналат.
5.9. Реестрге объектилерди киргизүү (чыгаруу) Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан документтерди алгандан 5 күндүн ичинде жүргүзүлөт.
5.10. Реестр Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилет.
5.11. Реестрдин ажырагыс бөлүгү болуп Реестрди каттоо журналы (мындан кийин – каттоо журналы) болуп саналат.
5.12. Реестрде катталбаган муниципалдык менчик башка бирөөгө берилбейт жана укуктары чектелбейт.
6.1. Дөбөлү айыл өкмөтү кызмат көрсөткөн ишканалар, уюмдар жана муниципалдык мүлктү баланстык кармоочулардан электрондук жана кагаз түрүндө маалыматтарды
алат.
6.2. Мекемелердин жетекчилери Реестрди түзүүгө тиешелүү маалыматтар үчүн жеке жоопкерчиликтүү.
7.1. Реестрде катталган объектилер тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук-
ченемдик актыларынын негизинде бардык кызыкдар тараптарга берилет.
7.2. Маалымат төмөнкү тараптардан келген жазуу түрүндөгү талаптарга берилет :
- мамлекеттик бийлик органдарынан;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан;
- прокуратура, сот, ички иштер органдарынан, өндүрүшүндөгү иштерге тиешеси бар башка укук коргоочу органдарынан;
- кыймылсыз мүлк укугун каттоо жана ага байланыштуу аракеттер боюнча мамлекеттик каттоо органдарынан;
- маалымат керек болуп жаткан объектилерди колдонуп жаткан мекемелерден.
7.3. Башка тараптарга жазуу түрүндө талаптар менен бирге төмөнкү кошумча маалыматтарды тиркөө менен берилет:
-Физикалык тарапка – ким экендигин тастыктаган документ;
-Юридикалык тарапка – юридикалык тарап катары катталган мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн жана анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын көрсөтүүчү документтер.
7.4. Каттоодо турган объектилер тууралуу маалымат объект тууралуу маалыматтардан көчүрмө түрүндө, же болбосо Реестрде объекттин катталбагандыгы тууралуу справка түрүндө берилет.
7.5. Объект тууралуу маалымат же маалыматтан баш тартуу кайрылган кишиге баш тартуунун себебин же мындай маалыматты берүүнүн мүмкүн эместигин түшүндүргөн кат түрүндө берилет.
7.6. Маалыматты берүүдөн баш тартуу төмөнкү учурдарда болот :
-Эгер суралып жаткан маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде чектөө коюлган маалыматтардын катарына кирген учурда;
-Суралып жаткан маалымат Реестрде катталбаган учурда;
-Кайрылган киши бул жобонун 7.3. беренесинде талап кылынган документтерди бербеген учурда.
7.5. Объект тууралуу маалымат Реестрде катталбаган учурда кайрылган кишиге маалымат берүү мүмкүн эместиги тууралуу билдирүү жөнөтүлөт.
7.7. Каттоодо турган объектилер тууралуу маалымат же маалыматтан баш тартуу кайрылуу келип түшкөндөн 15 күн ичинде билдирилет.
8.1. Реестрдин ээси Дөбөлү айыл өкмөтү болуп саналат.
8.2. Реестрди жок кылуу мыйзамда көрсөтүлгөн негизде жүргүзүлөт.
8.3. Реестрди жок кылуу учурунда андагы маалыматтардын бардыгы Нарын райондук архивине өткөрүлөт.
Төрага | А. Бектемиров |