Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 6-декабры ПЖ № 168
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин "Атайын мамлекеттик кызмат орундары" деген 2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы улуттук координатору".
2. Бул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар тиешелүү жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине каралган каражаттардын чектеринде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 13-декабрындагы № 103 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |