Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 63 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 22-апрели ПЖ № 73
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунун каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жободо:
3-пунктта:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты" деген сөздөрдөн кийин "(мындан ары - Президенттин Аппараты)" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Президенттин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү кайрылууну караганда Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосу үчүн документтердин пакетин түзөт.";
4-пунктта:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- табигый кырсыктардан жана өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча маселелерди оперативдүү чечүүгө, ошондой эле кризистик кырдаалдарды болтурбоо боюнча алдын алуучу чаралар менен байланышкан иш-чараларды каржылоого;";
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- тиешелүү мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тастыкталган документтери бар болгондо калктын оор турмуштук кырдаалга кабылган социалдык аялуу же абдан муктаж болгон катмарларына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;";
төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- бир эле учурда үч жана андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- шыктуу жана таланттуу балдарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;".
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |