Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 24-февралы ПЖ № 63
Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле инвестициялык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 241-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка маселелерди чечүү боюнча ишти жүргүзсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 16-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-ноябрындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралу" Жарлыгына толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 24-июнундагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 1-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 73 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 1-мартындагы № 22 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |