Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 4-февралы ПЖ № 21
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 2-августундагы "Чет өлкөлүк граждандардын виза режимин жана Кыргыз Республикасынын граждандарынын чет өлкөлөргө баруусун жеңилдетүү чаралары жөнүндө" Указын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-1-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 2-августундагы № 195 "Чет өлкөлүк граждандардын виза режимин жана Кыргыз Республикасынын граждандарынын чет өлкөлөргө баруусун жеңилдетүү чаралары жөнүндө" Указы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентинин Указын күчүн жоготту деп таануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун колдонулушун жокко чыгарбайт деп белгиленсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 11-февралындагы N 13 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |