Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-февралы №87
Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июлундагы УӨ № 125, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-июлундагы №405, 2015-жылдын 23-июлу № 522 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689, 2017-жылдын 15-мартындагы № 158 , 2019-жылдын 1-августундагы № 391, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 66, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 197 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 2-августундагы № 195 "Чет өлкөлүк граждандардын виза режимин жана Кыргыз Республикасынын граждандарынын чет өлкөлөргө баруусун жеңилдетүү чаралары жөнүндө", 2005-жылдын 9-августундагы № 307 "2005-жылы туристтик сезонду өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасында туризмди андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тиркелген тизмеси (мындан ары - Тизме) бекитилсин.
2. Тизмеге кирген чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларын жеке кайрылуунун негизинде, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын тиешелүү органдарынан алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июлундагы УӨ № 125 токтомунун редакциясына ылайык, 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689)
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Тизмеде көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволору менен өз ара байланыш принцибинин негизинде ал мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн өз ара жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режим киргизүүсү боюнча иш жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-апрелиндеги № 213 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнөн жана республиканын аймагындагы консулдук мекемелерден жеке кайрылууларынын негизинде ички иштер органдарында каттоодон бошотулуу менен, улуттук коопсуздуктун, экономикалык өнүгүүнүн кызыкчылыктарын, эл аралык саясий кырдаалдын абалын жана башка факторлорду эске алуу менен бир айга чейинки мөөнөткө жарандары Кыргыз Республикасынын келүү-кетүү визаларын алууга укуктары бар мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү жана 2025-жылдын 31-декабрына чейин колдонулуучу Тизменин алтымыш тогузунчу-сексенинчи абзацтарынан тышкары, кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 197 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматына жүктөлсүн.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июлундагы УӨ № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №87 токтому менен бекитилген |
Жарандарына жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин ТИЗМЕСИ
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июлундагы УӨ № 125, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-июлундагы №405, 2015-жылдын 23-июлу № 522, 2017-жылдын 15-мартындагы № 158 , 2019-жылдын 1-августундагы № 391, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 66, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 197 токтомдорунун редакциясыяларына ылайык)
Австралия
Австрия Республикасы
Бельгия Королдугу
Болгария Республикасы
Босния жана Герцеговина
Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу
Венгрия Республикасы
Германия Федеративдүү Республикасы
Греция Республикасы
Дания Королдугу
Израиль Мамлекети
Ирландия Республикасы
Исландия Республикасы
Испания Королдугу
Италия Республикасы
Канада
Кипр Республикасы
Корея Республикасы
Литва Республикасы
Латвия Республикасы
Лихтенштейн Княздыгы
Улуу Люксембург Герцогдугу
Македония Республикасы
Мальта Республикасы
Монако Королдугу
Нидерланд Королдугу
Норвегия Королдугу
Жаңы Зеландия
Польша Республикасы
Португалия Республикасы
Румыния Республикасы
Сербия Республикасы
Словения Республикасы
Сингапур
Словакия Республикасы
Америка Кошмо Штаттары
Түркия Республикасы
Финляндия Республикасы
Француз Республикасы
Хорватия Республикасы
Черногория Республикасы
Чехия Республикасы
Швейцария Конфедерациясы
Швеция Королдугу
Эстония Республикасы
Андорра
Аргентина
Ватикан
Вьетнам
Таиланд королдугу
Сауд Аравия королдугу
Мексика
Бириккен Араб Эмираттары
Сан-Марино
Филиппин
Албания Республикасы
Бруней - Даруссалам
Бразилия Федеративдүү Республикасы
Индонезия Республикасы
Түштүк Африка Республикасы
Чили Республикасы
Венесуэла Боливариандык Республикасы
Катар Республикасы
Кувейт Республикасы
Оман Султанаты
Бахрейн Королдугу
Япония
Иран Ислам Республикасы(*)
Алжир Элдик Демократиялык Республикасы(**)
Бангладеш Эл Республикасы(**)
Египет Араб Республикасы(**)
Индия Республикасы(**)
Иордания Хашимит Королдугу(**)
Ливан Республикасы(**)
Марокко Королдугу(**)
Непал Федеративдик Демократиялык Республикасы(**)
Пакистан Ислам Республикасы(**)
Тунис Республикасы(**)
Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы(**)
Йемен Республикасы(**)
Эскертүүсү: берилген Тизменин 69-79-абзацтары 2022-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
(*) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларынын "ишкердик" жана "туристтик" категорияларына гана карата.
(**) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларынын "туристтик" (1 айга чейин) категориясы боюнча жашап турууга уруксаты (резидент карталары) бар төмөндөгү чет мамлекеттердин жарандарына карата гана: Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Аравия Королдугу, Кувейт Мамлекети, Катар Мамлекети, Бруней Даруссалам Мамлекети, Оман Султандыгы жана Бахрейн Королдугу