КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 24-марты ПЖ № 58
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-февралындагы "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын жардамчылары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ишинин башка маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын жардамчылары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ишинин башка маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 6-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | С. Ш. Жээнбеков
|