Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 12-февралы ПЖ № 47
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын жардамчылары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ишинин башка маселелери жөнүндө
(КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16, 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237, 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201, Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ишин оптималдаштыруу жана соттук иштерди жана материалдарды кароодо алардын жүгүн азайтуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун аппараттарына 2010-жылдын 1-мартынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын жардамчыларынын (мындан ары - судьянын жардамчысы) кызмат орду киргизилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жогорку юридикалык билими бар жана мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген талаптарга жооп берген адамдар судьянын жардамчысы боло алат;
- судьянын жардамчысынын негизги милдети болуп судьяларга сот адилеттигин жүргүзүүдө жардам берүү саналат;
- судьянын жардамчысы судьянын тапшырмасы боюнча жана анын түздөн-түз жетекчилиги астында судьяга келип түшкөн соттук иштерди жана материалдарды иликтейт, аларды кароого даярдоону камсыз кылат, соттук иштерди жана материалдарды кароонун маңызы боюнча чыгарылган актылардан тышкары сот актыларынын долбоорлорун даярдайт, сот адилеттигин жүргүзүү менен байланышкан судьянын ишине башкача жардам берүүнү камсыз кылат.
3. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 58 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Кыргыз Республикасынын Сот департаменти бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.
10. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын юридикалык кызматына жүктөлсүн.
11. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |