Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 11-июну ПЖ № 101
Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьяларын жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн 2020-жылдын 16-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун төмөнкү судьялары жиберилсин:
Барыктабасова Эльмира Бектургановна;
Жумабаева Жылдыз Кабыловна;
Жумадылов Сыргак Каныбекович;
Ибраева Чынара Назарбековна;
Кадыркулова Таалайкүл Калыкбековна;
Касымбеков Кубанычбек Калыбекович;
Осмонов Феликс Ой-Талбекович;
Рыспекова Аниса Рыспековна;
Сейдакматова Аида Асанбековна;
Сыдыгалиев Бактыбек Арленович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |