ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2020-жылдын 11-июнундагы ПЖ № 101 «Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьяларын жиберүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция11.06.2020 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 11-июну ПЖ № 101

Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьяларын жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн 2020-жылдын 16-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун төмөнкү судьялары жиберилсин:

Барыктабасова Эльмира Бектургановна;

Жумабаева Жылдыз Кабыловна;

Жумадылов Сыргак Каныбекович;

Ибраева Чынара Назарбековна;

Кадыркулова Таалайкүл Калыкбековна;

Касымбеков Кубанычбек Калыбекович;

Осмонов Феликс Ой-Талбекович;

Рыспекова Аниса Рыспековна;

Сейдакматова Аида Асанбековна;

Сыдыгалиев Бактыбек Арленович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков