Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 20-ноябры ПЖ № 45

Конституциялык кеңешмени түзүү жөнүндө

(КР Президентинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы ПЖ № 48 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

 

2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялар республикада түзүлгөн саясий жана экономикалык системанын стабилдүү эместигинин жана туруксуздугунун натыйжасынан келип чыкты. Мамлекеттик башкаруу системасындагы аша чабуулар, шайлануучу органдар аркылуу жарандардын мамлекеттик башкарууга толук катыша турган укуктарын чектөө, мамлекеттик бийликтин бутактарынын жана алардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигинин конкреттүү механизмдеринин, экономиканы өнүктүрүүнүн жана элдин бакубаттыгына жетүүнүн реалдуу келечегинин жоктугу, коррупциянын өсүшү бул окуяларга себеп болду.

Элдик толкундоо ушул жылдын 4-октябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысынын, Президентинин кызматтан кетүүсүнө, ошондой эле конституциялык реформаларды жүргүзүүнүн, андан соң жаңы эрежелер боюнча мамлекеттик институттарды түзүүнүн зарылчылыгына жана шексиздигине алып келди.

Ушуга байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу тарабынан референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору демилге кылынгандыгын көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65 жана 68-беренелерин жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Конституциялык кеңешме тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Конституциялык кеңешме конституциялык түзүлүштүн негиздерин өркүндөтүүнүн; адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин; мамлекеттик бийлик системасынын; мамлекеттик бийликтин бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды оптималдаштыруунун жана чектөөнүн концепциясын, ошондой эле жогоруда аталган багыттардан келип чыгуучу башка маселелерди талкуулоону жүргүзсүн, анын жыйынтыгы боюнча "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

3. Конституциялык кеңешме макулдашылган маселелер боюнча кеңешменин ишинин жүрүшүн жалпыга маалымдоо каражаттарында мезгил-мезгили менен чагылдырууну уюштурсун.

4. Конституциялык кеңешме өз ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын имаратында өткөрөт деп белгиленсин.

Конституциялык кеңешменин катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Конституциялык кеңешмеге иштөө үчүн тийиштүү жай, ал эми анын мүчөлөрүнө имаратка кирүүгө мүмкүндүк берсин.

6. Конституциялык кеңешменин ишин уюштуруучулук, усулдук, материалдык-техникалык жана башка жагынан камсыз кылуу тийиштүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын басма сөз-кызматтары Конституциялык кеңешменин ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыз кылсын.

8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакировго жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Т.Мамытов