Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-ноябры ПЖ № 48
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 20-ноябрындагы "Конституциялык кеңешмени түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Конституциялык кеңешменин ишине активдүү катышууну каалагандардын саны көбөйгөндүгүн көңүлгө алып, ошондой эле конституциялык реформа боюнча ишке жарандарды, коомдук уюмдарды жана көз карандысыз эксперттерди тартууну, ар кандай пикирлерди толук эске алууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65 жана 68-беренелерин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 20-ноябрындагы "Конституциялык кеңешмени түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Конституциялык кеңешменин курамында:
курамдан К.К.Керезбеков үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу чыгарылсын;
курамга Абыкеев Чолпонбек, коомдук ишмер; Укушев Мурат Каниметович - көз карандысыз эксперт, конституционалист; Шыкмаматов Алмамбет Насырканович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты; Исмаилова Толекан Асаналиевна - "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун директору; Карыпов Мурат Курманбекович - тобокелдиктерди жана кырсыктарды алдын алуу боюнча эксперт, "Плюрализм" гезитинин редактору; Мамбеткадыров Айдарбек Абдыраевич - көз карандысыз эксперт-юрист; Абакирова Асель Мырзакановна - юридика илимдеринин кандидаты, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доценти; Мурзабеков Кантемир Зулумович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты; Иманкулов Муратбек Калматович - Кыргыз билим берүү академиясынын билим берүү жаатында социалдык-гуманитардык проблемалар лабораториясынын башчысы; Шамурзаев Таалайбек Турсунович - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин жазык процесси жана криминалистика кафедрасынын башчысы, профессор, юридика илимдеринин доктору киргизилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |