Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 6-ноябры ПЖ № 35
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Бишкек жана Ош шаарларынын, Чүй жана Нарын облустарынын айрым жергиликтүү сотторуна жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун дайындалган судьялары төмөнкү жергиликтүү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:
- Чүй облусу:
Аламүдүн райондук сотуна:
Мусуралиева Аида Султангазиевна;
Узакбаев Азамат Насырович;
Сокулук райондук сотуна
Дуйсембиев Асхат Абубакирович;
Жайыл райондук сотуна:
Асанова Чолпон Карыпбековна;
Бокомбаев Аман Мамыркожоевич;
Джандралиева Надира Джекшеновна;
Москва райондук сотуна:
Сагынбекова Дамира Эсенбековна;
- Нарын облусу:
Нарын райондук сотуна
Бектурсунов Арстанбек Аскарбекович;
- Бишкек шаары:
Биринчи май райондук сотуна:
Дыйканбаева Гульзат Ыдырысовна;
Турсунбеков Таалайбек Турсунбекович;
- Ош шаары:
Ош шаардык сотуна
Барынбаев Жеңишбек Базармаматович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу |
| С.Жапаров |