Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 11-июну ПЖ № 104
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Курагынын чегине жеткенге чейин 2020-жылдын 6-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Джоошбеков Алмазбек Нарынкулович;
Сыдыкова Жылдыз Акбаралиевна;
Темирбекова Аида Абдрахмановна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |