ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2020-жылдын 11-июнундагы ПЖ № 104 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыгы

Редакция11.06.2020 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 11-июну ПЖ № 104

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьяларын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө сунушу боюнча

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Курагынын чегине жеткенге чейин 2020-жылдын 6-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

Джоошбеков Алмазбек Нарынкулович;

Сыдыкова Жылдыз Акбаралиевна;

Темирбекова Аида Абдрахмановна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков