Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 28-августу ПЖ № 167
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги "Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 45 "Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамында:
курамдан Кылжыев С.А., Бекбоев Т.Б., Ташпаева Н.А., Кудайбергенова Г.К., Чолпонбаев К.С., Кочкоров У.Т., Мадумаров А.К., Сатыбалдиев К.У., Кайыпов А.К., Жылкыбаев У.К., Осмоналиев А.Ш. чыгарылсын;
курамга Темиралиев Таалайбек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси - министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; Базарбаев Кудайберген Базарбаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; Усубалиев Максат Абдыкадырович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары; Исаков Каныбек Абдуваситович - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Абдикаримов Сабиржан Токтосунович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Алымкулов Эмилбек Абдыраимович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Юсупов Байыш Юсупович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Тулобаев Балбак Зарлыкович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү киргизилсин;
"Каптагаев Эмилбек Саламатович - коомдук ишмер, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча)" деген позицияда "коомдук ишмер" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |