Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 10-июлундагы ПЖ N 203 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 22-сентябры ПЖ № 179
Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 284 "Кыргыз Республикасынын ордендеринин, медалдарынын жана ардак наамдарына төш белгинин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин белгиленген техникалык мүнөздөмөлөргө ылайык келүүсүн контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы N 80 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |