Загрузка документа…
КР Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ № 179 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 29-ноябры ПЖ № 284
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын ордендеринин, медалдарынын жана ардак наамдарына төш белгинин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын ордендеринин, медалдарынын жана ардак наамдарына төш белгинин белгиленген техникалык талаптарга ылайык келүүсүн контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | А.Атамбаев |