Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 5-январы ПЖ № 2
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22 беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |