ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2021-жылдын 5-январындагы ПЖ № 2 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын дайындоо жөнүндө» Жарлыгы

Редакция05.01.2021 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2021-жылдын 5-январы ПЖ № 2

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22 беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунушу боюнча

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Т.Мамытов