ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2020-жылдын 15-декабрындагы ПЖ № 61 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Чүй, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторуна жиберүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция15.12.2020 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 15-декабры ПЖ № 61

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Чүй, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторуна жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун дайындалган судьялары төмөнкү жергиликтүү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Чүй облусу:

Аламүдүн райондук соту:

Байсов Кылыч Таштанбекович;

Касымалиев Бакыт Мукамбетович;

Суеркулов Эрлан Оморалиевич;

Сокулук райондук соту

Самудинов Кубанычбек Бердибекович;

Панфилов райондук соту

Тагаев Тилек Мамедович;

Токмок шаардык соту

Астаркулов Данияр Шаршенбекович;

- Ош облусу:

Ош облустук соту

Майлубашов Нурбек Рысбаевич;

- Бишкек шаары:

Бишкек шаардык соту

Калбаев Алмаз Тургуналиевич;

Свердлов райондук соту

Саткынбаев Рустам Шайлобекович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Т.Мамытов