Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2021-жылдын 11-февралы ПЖ № 37

Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын майрамдоо жөнүндө

Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 120 жылдыгын жогорку улуттук деңгээлде майрамдоо максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

- Ж.Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;

- майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

- көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды бөлүү.

2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров