Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 22-февралы ПЖ № 50
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2021-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 16-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун.
2. Чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар 2021-жылдын март-майында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |