Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 8-майы ПЖ № 146
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 30-октябрындагы № 145 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аталышын өзгөртүү каралган.
Ошону менен бирге аталган Жарлык толугу менен ишке ашырылган эмес. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынарын белгилөө керек.
Ушуга байланыштуу жана өзүнүн дайындалышын кыйла так билдирген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин тарыхый аталышын сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 30-октябрындагы № 145 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгынын колдонулушу ал чыгарылган күндөн тартып жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 18-майындагы № 61 (3240) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |