Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 10-сентябры ПЖ № 183
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө
Караңыз:
КР Президентинин 2021-жылдын 8-майындагы ПЖ № 146 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Жарлыгы
(КР Президентинин 2019-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 145 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугун камсыз кылуу системасын өркүндөтүү боюнча ишке ашырылып жаткан масштабдуу реформалоонун максаттарына жетүүнүн маанилүү шарттары болуп жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттик маанидеги объекттерди кайтаруу саналат.
Тапшырылган объекттерди кайтаруу, инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча кызматтык-күжүрмөн милдеттерди мурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен катар эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери (мындан ары - Ички аскерлер) аткарып келген.
2014-жылы аскердик реформалоонун алкагында Ички аскерлер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн системасына кирген Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын курамына киргизилген.
Ички аскерлердин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын курамында болуусу Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматтык-күжүрмөн милдеттерди чечүүдө алардын потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүн, 65-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктун жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына мурда өткөрүлүп берилген штаттардын, документтердин, имараттардын, курулмалардын, материалдык-техникалык каражаттардын жана башка мүлктүн эсебинен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздуктун аскер кызматын түзүү максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
(КР Президентинин 2019-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 145 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздуктун аскер кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин жана "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздуктун аскер кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди чечсин.
(КР Президентинин 2019-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 145 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Жогоруда аталган мыйзам актылары күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |