Редакцияот 10.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2021-жылдын 10-апрели ПЖ № 85

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

II бөлүмүнүн "Административдик мамлекеттик кызмат орундары" деген 4-главасында:

1) 4.6-пунктундагы "Б-А" категориясы үчүн "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин ведомстволук бөлүмдөрү" графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Мамлекеттик агенттик, мамлекеттик кызмат, мамлекеттик инспекция жана фонд түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары(*)

Башка ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары";

2) 4.8-пунктунун үчүнчү графасында:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Ведомстволук бөлүмдөр";

- Ж-Б категориясы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси(*)";

- "Б-А" категориясы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Мамлекеттик агенттик, мамлекеттик кызмат, мамлекеттик инспекция жана фонд түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары(*)

Башка ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары".

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров