ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2021-жылдын 27-майы ПЖ № 230 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына чарабакер коомдогу мамлекеттик үлүштү жана ишкананы өткөрүп берүү маселелери жөнүндө» Жарлыгы

Редакция27.05.2021 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2021-жылдын 27-майы ПЖ № 230

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына чарабакер коомдогу мамлекеттик үлүштү жана ишкананы өткөрүп берүү маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана анын ведомстволук уюмдарынын ишин күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталындагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна таандык 65% мамлекеттик үлүштү мүлктүк комплекси менен кошо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Типография" мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун алдындагы "Ысык-Көл Аврора санаторийи" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берсин жана аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Ысык-Көл Аврора санаторийи" мамлекеттик ишканасы деп кайра атасын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 1-июнундагы № 66 жарыяланды

 

 Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров