Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 21-июну ПЖ № 267
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, алардын кызмат адамдарынын балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоосунун, ишке ашыруусунун жана сактоосунун кепилдиктерин камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 70-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-июнундагы № 73-74 (3252-3253) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |