Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 267 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жобо
(КР Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы ПЖ № 349 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү (мындан ары - Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл) - Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, эл аралык уюмдарга, менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга, кызмат адамдарына көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы балдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана өркүндөтүү боюнча ишин координациялоого, анын ичинде балдарды коргоону камсыз кылуу, баланы тарбиялоо, билим берүү жана ден соолугун камсыз кылуу системасын ар тараптуу өнүктүрүүгө түрткү берүүгө багытталган, өзүнүн компетенциясынын чегинде балдардын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамы.
2. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл өз ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, соттор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, алардын кызмат адамдары менен балдардын укуктары жана кызыкчылыктары маселелери боюнча тыгыз өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
4. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл өз ишин жүргүзүүдө көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Президентине отчёт берет.
Мамлекеттик бийликтин жана башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн иши менен байланыштуу маселелерди чечүүдө бардык түрдөгү кийлигишүүгө тыюу салынат.
2. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн милдеттери
5. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагындагы балдардын жана чет мамлекеттердин аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун мамлекеттик системасын түзүүгө жана натыйжалуу иштөөсүнө көмөк көрсөтүү;
3) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү жана медициналык уюмдардын, балдарга жана балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын жана кызмат адамдарынын балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу, сактоо жана коргоо механизмдеринин натыйжалуу иштешине мониторинг жүргүзүү жана талдоо;
4) балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууларды алдын алуу, аларды калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү;
5) көзөмөлсүз калтырууну жана жашы жетпегендердин укук бузууларын алдын алуу боюнча ишке катышуу;
6) балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.
3. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктары
6. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл өз ишинде төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
1) балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу, балдарды коргоо маселелери боюнча кырдаалга талдоо жүргүзүү жана сереп даярдоо;
2) балдардын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча чараларды көрүү;
3) балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, балдарды моралдык-адеп-ахлактык тарбиялоону жана аларды ар тараптуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу маселелери боюнча стратегиялык жана программалык документтерди иштеп чыгуу жана иштеп чыгууга катышуу;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, алардын кызмат адамдары менен балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу, балдарды коргоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
5) мыкты практиканы жана эл аралык стандарттарды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен түз байланыш түзүү, маалымат алмашуу;
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, эл аралык уюмдарды, менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарды координациялоону камсыз кылуу жана өз ара аракеттенүүгө көмөк көрсөтүү;
7) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү;
8) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселелери боюнча маалыматтык өнөктүктөрдү уюштуруу жана катышуу;
9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна, анын ичинде колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга сунуштарды жана сын пикирлерди берүү;
10) Кыргыз Республикасындагы балдардын абалы боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук отчётторун даярдоого катышуу;
11) баланын укуктары жаатында эл аралык келишим базаны кеңейтүү боюнча зарыл чараларды көрүү;
12) балдардын укуктарын камсыз кылуу жана коргоо чараларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү, ошондой эле региондук жана глобалдык интеграциялык бирикмелерди өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизүү;
13) комиссияларды жана жумушчу топторду түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан түзүлгөн балдардын укуктары боюнча жумушчу топторго жана консультациялык кеңештерге катышуу;
14) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана аларды ар тараптуу өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарды киргизүү;
15) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, эл аралык уюмдардан, менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардан мыйзам менен корголгон маалыматтан тышкары, өз милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык талдоочулук, маалымдама-статистикалык материалдарды белгиленген тартипте суратуу жана алуу;
16) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймагына жана жайларына, анын ичинде эркиндигинен ажыратуучу жерлерге кызматтык күбөлүктү көрсөтүү менен кирүү жана болуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ал жерлерде кармалган балдар менен жолугушуу жана аңгемелешүү;
17) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга же кызмат адамдарына балдардын укуктарын бузган адамдарга карата тартиптик же жазык өндүрүшүн козгоо жөнүндө өтүнүч менен кайрылуу;
18) мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына балдардын укуктарын бузууну токтотуу жөнүндө чечим киргизүү;
19) балдардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тийиштүү маселелери боюнча соттордун жыйналыштарына катышуу;
20) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте балдардын укуктарын, кызыкчылыктарын, эркиндиктерин жана коопсуздугун козгогон балдарга тийиштүү жазык иштеринин материалдары менен таанышуу;
21) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын жетекчилери жана башка кызмат адамдары менен жолугушуу;
22) Кыргыз Республикасынын Президентине балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу жаатындагы кырдаалга мониторинг жүргүзүү боюнча жыл сайын доклад даярдоо;
23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген тартипте эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан демөөрчүлүк, кайрымдуулук, гуманитардык жана башка жардамды тартуу;
24) балдардын укуктарын бузуу фактылары жөнүндө маалыматтарды келип түшкөн кайрылуулардын негизинде да, эгерде бул бузуулар тууралуу ага расмий булактардан же жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалым болсо, өзүнүн демилгеси боюнча да текшерүү;
25) Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзам актылары жана эл аралык келишимдери менен кепилденген, алардын укуктарын жана эркиндиктерин бузган кызмат адамдарынын жана уюмдардын иш-аракеттерине жана чечимдерине Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле чет элдик жарандардын, жарандыгы жок адамдардын кайрылууларын кароо.
(КР Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы ПЖ № 349 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
7. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, кызмат адамдары менен дайыма түз байланышта жүргүзөт.
8. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Республикасынын төмөнкү мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара аракеттенет:
1) министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор менен балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого тиешелүү маселелери боюнча;
2) укук коргоо жана сот органдары менен балдардын бузулган укуктарын коргоо жана балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузган адамдарды жоопкерчиликке тартуу маселелери боюнча;
3) социалдык, билим берүү, маданият жана спорт уюмдары менен балдарды руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана дене-бой жактан өнүктүрүү, аларга жарандык-патриоттук тарбия берүү, ошондой эле инсанды өнүктүрүү үчүн балдардын базалык керектөөлөрүн канааттандыруу маселелери боюнча;
4) саламаттык сактоо уюмдары менен балдардын ден соолугу, аларды дарылоо жана оор оорулуу балдарды колдоо маселелери боюнча;
5) чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөр, чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, эл аралык уюмдар жана коммерциялык эмес уюмдар менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдарынын укуктарын сактоо, ошондой эле балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча эл аралык деңгээлде долбоорлорду жана демилгелерди илгерилетүү маселелери боюнча;
7) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү деңгээлде балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу маселелери боюнча;
8) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча;
9) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты менен Кыргыз Республикасынын аймагындагы балдардын жана өлкөнүн чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдарынын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сактоо маселелери боюнча.
5. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмалары жана сунуштамалары
9. Балдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузуулар менен байланыштуу кырдаалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл тапшырма жана сунуштама түрүндө чечимдерди чыгарат.
6. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн жетекчилиги жана катчылыгы
10. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
11. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн кызмат өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
12. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин уюштуруучулук жана техникалык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы (мындан ары - катчылык) тарабынан жүргүзүлөт.
13. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катчылыктын жетекчиси болуп эсептелет.
14. Катчылыктын түзүмү жана штаттык саны, ошондой эле эксперттеринин кызматтык маянасы Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен бекитилет.
15. Катчылыктын эксперттери өз ишин мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзгөн мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелет.
16. Катчылыктын эксперттерин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси кызматка дайындайт жана бошотот.
17. Катчылык төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, алардын кызмат адамдары менен балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
2) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн иш планын иштеп чыгуу;
3) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга жана алардын кызмат адамдарына жөнөтүү;
4) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн чечимдерин аткарууга мониторинг жүргүзүү;
5) Кыргыз Республикасында балдардын укуктарын камсыз кылуу маселелери боюнча актуалдуу көйгөйлөрдүн тизмесин түзүү;
6) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин маалыматтык чагылдырууну камсыз кылуу;
7) ушул Жобого ылайык Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмаларын аткаруу;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин камсыз кылуу үчүн башка ыйгарым укуктарга ээ болуу;
9) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн комиссияларды жана жумушчу топторду түзүү жөнүндө чечимдерин даярдоону жана аларды андан ары коштоону жүзөгө ашыруу;
10) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана катчылыктын иш кагаздарын жүргүзүү, документтерин сактоо жана архивдештирүү.
(КР Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы ПЖ № 349 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
18. Катчылыктын эксперттеринин ыйгарым укуктары:
1) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин маалыматтык-талдоочулук жана уюштуруучулук-укуктук камсыздоо;
2) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө чечимдерди жана тапшырмаларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө баяндама берүү;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жыйналыштарына, пленардык жыйналыштарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишинин маселелери боюнча катышуу;
4) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишинин маселелери боюнча түзүлгөн жумушчу топтордун ишине катышуу;
5) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана анын катчылыгынын иши жөнүндө отчётторго даярдык көрүү;
6) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишинин маселелери боюнча укук коргоо жана сот органдары менен өз ара аракеттенүү;
7) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн башка тапшырмаларын аткаруу;
8) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн атынан балдардын укуктарына тийиштүү маселелер боюнча соттук жыйналыштарга катышуу;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте балдардын укуктарын, кызыкчылыктарын, эркиндиктерин жана коопсуздугун козгогон балдарга тийиштүү жазык иштеринин материалдары менен таанышуу;
10) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймагына жана жайларына, анын ичинде эркиндигинен ажыратуучу жерлерге кызматтык күбөлүктү көрсөтүү менен кирүү жана болуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ал жерлерде кармалган балдар менен жолугушуу жана аңгемелешүү;
11) бөлүштүрүлгөн функцияларга ылайык катчылыктын компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарга ээ болуу.
19. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө караштуу курамы балдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндө иш тажрыйбасы бар адамдардан, ошондой эле балдарга карата социалдык кызматтарды көрсөткөн коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган консультативдик-талдоочулук функциялары бар эксперттик кеңеш түзүлүшү мүмкүн.
20. Катчылыктын эксперттери Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери болуп эсептелет жана аларга белгиленген үлгүдөгү кызматтык күбөлүктөр берилет.
7. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана катчылыктын ишин камсыз кылуу
21. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү жана катчылыкты кызматтык транспорт, кызматтык жай, зарыл уюштуруучулук техникасы, байланыш каражаттары менен камсыз кылууну жана ишин финансылык камсыздоону Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жүргүзөт.
22. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана катчылыктын ишин каржылоо республикалык бюджеттин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын кармоого каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт.