Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 23-июну ПЖ№270
Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча
мамлекеттик комитетинин ишин уюштуруунун айрым
маселелери жөнүндө
Мыйзамдык жөнгө салууга чейин Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин штатын комплекттөө боюнча маселелерди кечиктербестен чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин кайра түзүлгөн (түзүлгөн) бөлүмдөрүнүн административдик мамлекеттик кызмат орундарына дайындоо жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул Жарлык:
-төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын номеклатурасына таандык административдик мамлекеттик кызмат орундарына;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларга;
-колдонуудагы эмгек акы төлөө шарттарынын, бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети үчүн каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экология жана климат мамлекеттик комитети:
-кайра түзүлгөн (түзүлгөн) бөлүмдөрүнүн административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрларды адилеттүүлүк, объективдүүлүк жана ачык-айкындык принциптерин сактоо менен талапкерлердин кесиптик жана моралдык-адеп-ахлактык сапаттарынын негизинде тандоону жана жайгаштырууну уюштурсун;
4. Кыргыз Респубикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана кадр саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасыны Президенти |
С.Н.Жапаров |