Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 23-июнундагы ПЖ № 270 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин кайра түзүлгөн (түзүлгөн) бөлүмдөрүнүн административдик мамлекеттик кызмат орундарына дайындоо жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин (мындан ары - Комитет) кайра түзүлгөн (түзүлгөн) бөлүмдөрүнүн административдик мамлекеттик кызмат орундарына дайындоо тартибин белгилейт.
2. Ушул Убактылуу жободо каралган тартипте дайындалуучу адамдарга мамлекеттик жарандык кызматчыларга коюлуучу талаптар, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мамлекеттик жарандык кызматчынын укуктары жана милдеттери жайылтылат.
2. Тандоо жүргүзүүнүн шарттары жана тартиби
3. Комитеттин персоналды башкаруу кызматы (мындан ары - Кызмат) Комитеттин ведомстволук сайтында же жалпыга маалымдоо каражаттарында бош административдик мамлекеттик кызмат орундары жөнүндө маалыматты жарыялайт.
Кулактандыруу төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- мамлекеттик органдын аталышы;
- бош административдик мамлекеттик кызмат ордунун аталышы;
- бош административдик мамлекеттик кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар;
- мамлекеттик жарандык кызматка кирүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
- документтерди кабыл алуу орду жана мөөнөтү.
4. Документтер кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде Кызмат тарабынан кабыл алынат, документтерди кабыл алуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн эмес. Квалификациялык талаптарга ылайык келбеген талапкерлердин документтери Кызмат тарабынан кабыл алынбайт.
Документтер кагаз жүзүндө же электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
5. Документтерди кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча Кызмат документтерди толуктугу жана талапкерлердин квалификациялык талаптарга ылайык келиши боюнча иштеп чыгат.
6. Талапкер квалификациялык талаптарга ылайык келбеген учурда Кызмат тандоо комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кароосуна киргизбестен документтерди кайтарып берет.
7. Талапкердин документтери квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда Кызмат документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин үч жумуш күндөн кечиктирбестен талапкерлердин материалдарын аңгемелешүү өткөрүү үчүн Комиссиянын жыйналышына киргизет.
Комиссия Комитеттин төрагасынын буйругу менен 5 мүчөдөн кем эмес курамда түзүлөт.
8. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия аңгемелешүүнүн натыйжалары боюнча эң жогорку суммадагы балл алган талапкерди бош административдик мамлекеттик кызмат ордуна дайындоого сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алат. Талапкерлерди баалоо 10 баллдык шкала боюнча жүргүзүлөт.
Эгерде талапкерлер бирдей сандагы балл алышса, алардын ортосунда кайрадан аңгемелешүү жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча Комиссия Комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушун алган талапкерди дайындоого сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алат.
Аңгемелешүүдө талапкер алган баллдар суммаланат жана баллдын суммасын талапкерди баалоого катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн санына бөлүү жолу менен орточо арифметикалык маани чыгарылат. Комиссиянын катчысы эсептөөлөрдү жүргүзөт жана аларды Комиссиянын кароосуна киргизет.
9. Комиссиянын ар бир мүчөсү эң жогорку суммадагы балл алган талапкерди сунуштоого "макул" же "каршы" деген гана добуш берет.
10. Комиссиянын чечими анын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
Комиссиянын чечими протокол түрүндө кабыл алынат.
Эгерде Комиссиянын жыйналышына Комиссиянын курамынын жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп эсептелет.
11. Комитеттин төрагасы талапкерди дайындоо жөнүндө Комиссиянын сунушун алгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде үч айлык сыноо мөөнөтү менен дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат же дайындоодон баш тартат.
12. Комитеттин төрагасы киргизилген талапкер менен макул болбогон учурда, Комиссия тизмедеги бардык талапкерлердин арасынан эң жогорку суммадагы балл алган кийинки талапкерди дайындоого сунуш киргизет.
13. Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин кызматчыга Комиссия тарабынан баалоо жүргүзүлөт, анын негизинде ээлеген кызмат ордуна ылайык келиши жөнүндө чечим кабыл алынат. Эгерде баалоонун натыйжасы канааттандырарлык эмес деп таанылса, анда кызматчы кызмат ордунан бошотулат.
14. Тандоонун натыйжалары талапкерлерге ал аяктагандан кийин түздөн-түз угузулат, ошондой эле тандоонун жыйынтыгы боюнча Комиссия тарабынан сунушталган талапкерди административдик мамлекеттик кызмат ордуна дайындоо жөнүндө тиешелүү акт чыккандан кийин үч жумуш күндүн ичинде Комитеттин ведомстволук сайтына же жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
15. Ушул Убактылуу жободо белгиленген тартипте дайындалган адамдар бошотулган учурда бош административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөө мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.