Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2020-жылдын 13-ноябры ПЖ № 38
Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин ролун жана статусун жогорулатуу жөнүндө
Калктын биримдигин жана социалдык биригүүнү камсыз кылууда Кыргызстан калкы ассамблеясынын ролун көңүлгө алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 14-январындагы № 13 "Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин статусу жөнүндө" Жарлыгынын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү органдын статусу берилсин.".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 232 "Кыргызстан калкы ассамблеясынын статусу жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 27-ноябрындагы № 97 (3169) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |