ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 38 «Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин ролун жана статусун жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгы

Редакция13.11.2020 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2020-жылдын 13-ноябры ПЖ № 38

Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин ролун жана статусун жогорулатуу жөнүндө

 

Калктын биримдигин жана социалдык биригүүнү камсыз кылууда Кыргызстан калкы ассамблеясынын ролун көңүлгө алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 14-январындагы № 13 "Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин статусу жөнүндө" Жарлыгынын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү органдын статусу берилсин.".

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 232 "Кыргызстан калкы ассамблеясынын статусу жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 27-ноябрындагы № 97 (3169) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

С.Н. Жапаров