Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 10-июлу ПЖ № 296
Кыргыз Республнкасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары жөнүндө убактылуу жобо тууралуу
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин түзүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66-беренесине жана 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруучулук-техникалык маселелерди бир айлык мөөнөттө чечсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |