Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 8-июлу ПЖ № 291
Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 51-беренесинин 3-бөлүгүнө, 70-беренесинин 7-бөлүгүнө жана 71-беренесине, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14 жана 28-беренесине ылайык, этностук кыргыздардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун жөнгө салуу максатында токтом кылам:
1. Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- ушул Жарлыктын 1-пунктунда каралган жүктөлгөн ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарууну камсыз кылсын;
- ушул Жарлыктын ишке ашырылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгына ай сайын берип турсун.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап 7 жумуш күнү өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
С.Н. Жапаров |