Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 291 Жарлыгына) |
Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо этностук кыргыздардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында турган кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алуу маселесин кароонун тартибин аныктайт.
2. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматты топтоо, сактоо, берүү жана иштеп чыгуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы;
Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнүч кат (мындан ары - өтүнүч кат) - арыз ээсинин, арыз ээсинин жакын туугандарынын (андайлар болсо) АМС аркылуу электрондук түрдө таризделүүчү жеке маалыматтары камтылган арыз-анкета;
мыйзамдуу өкүлдөр - ата-энеси, асыроочулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр, ошондой эле арыз ээси алардын көзөмөлүндө болгон уюмдардын жана адамдардын өкүлдөрү;
чектеш мамлекеттер - Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттер: Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы;
калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
этностук кыргыз - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана чет мамлекеттин жарандыгына өзүнүн таандыктыгынын далилдери бар же башка мамлекеттин жарандыгына өзүнүн таандыктыгынын далилдери жок кыргыз улутундагы адам;
арыз ээси - Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу ниетин билдирген аракетке жөндөмдүү, этностук кыргыз;
балдар - 18 жашка чейинки курактагы адам.
3. Ушул Убактылуу жобону колдонуу төмөнкү адамдарга жайылтылат, эгерде:
1) адамдын чет өлкөлүк паспортунун, СССРдин паспортунун, ошондой эле кайрылман күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү бүтсө же бүтүп жатса;
2) чет мамлекеттин аймагында төрөлгөн бала Кыргыз Республикасында 18 жаш куракка жетсе жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын өз убагында албаса;
3) Кыргыз Республикасында төрөлгөн адам ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында 18 жаш куракка жетсе жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын өз убагында албаса;
4) келген өлкөсүнүн жарандыгы жоктугу жөнүндө маалымкатты берүү талабын койбостон, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок адам катары таануу жөнүндө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн корутундусу болсо;
5) адамда чет мамлекеттин паспортун алгандыгы жөнүндө белги менен туулгандыгы тууралуу чет мамлекеттин күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө же чет өлкөлүк паспорт менен документтештирүү фактысын ырастаган маалымкат болсо, бирок өтүнүч кат берилген учурда чет өлкөлүк паспорту жок жана аны калыбына келтирүү мүмкүндүгү болбосо;
6) паспортундагы, туулгандыгы тууралуу/никеге туруу жөнүндө күбөлүгүндөгү жеке маалыматтарынын тамгаларын туура жазууда айырмачылыктар болсо;
7) чет өлкөлүк паспортунда же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө "Улуту" деген графасы жок болгондо адамдын этностук таандыктыгы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси менен ырасталса.
2. Документтерди кабыл алуу жана тариздөө тартиби
4. Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кабыл алууга өтүнүч катты 18 жаш куракка жеткен арыз ээси жеке берет жана аны арыз ээсинин кайрылган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери АМС аркылуу же кагаз түрүндө тариздейт.
5. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
- АМС аркылуу таризделүүчү өтүнүч (№ 1 тиркеме);
- арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документтердин түп нускасы жана ксерокөчүрмөлөрү (паспорт, кайрылмандын күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жарандыгы жок адамдын күбөлүгү, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө корутундусу);
Инсандыгын ырастоочу документтерде улуту көрсөтүлбөгөн учурда кыргыз улутунда экендигин же ата-энесинин биринин кыргыз улутунда экендигин тастыктаган документтер берилет (кайрылмандын күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, кыргыз улутунда экендигин көрсөтүү менен атасынын же энесинин паспорту, чет мамлекеттин паспортунда же туулгандыгы тууралуу күбөлүктө "Улуту" деген графа жок болсо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси берген маалымкат);
- чет мамлекеттин паспорту жок арыз ээлери үчүн - республиканын аймагында жашаган жери боюнча түзүлгөн таануу актысы (2-тиркеме);
- Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттерден арыз ээлери үчүн:
- мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жеке арызы;
- жеке декларациясы (3-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымкат.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымкат жок болгон учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымкатты ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан суратат.
7. Эгерде арыз ээси бир эле маалда жашы жете элек балдарын Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнүч жасаса, төмөнкү документтер берилет:
1) никелешүү тууралуу (никени бузуу тууралуу), балдардын туулгандыгы тууралуу (же жарандык абалдын актыларын жазуулардан көчүрмөлөрдү), камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү белгилөө, ата-энелик укуктан ажыратуу тууралуу күбөлүктөрдүн түп нускалары жана көчүрмөлөрү;
2) жарандыкты өзгөртүүгө 14 жаштан 18 жашка чейинки курактагы балдардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдугу;
3) балдардын жарандыгын өзгөртүү маселеси боюнча атасынын же энесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдугу. Мындай макулдук, эгерде бала Кыргыз Республикасынын аймагында жашаса, талап кылынбайт;
4) балага ушул пунктта саналган документтери жок болгон арыз ээлери үчүн - республиканын аймагында жашаган жери боюнча түзүлгөн таануу актысы (2-тиркеме).
8. Чет тилде түзүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулууга тийиш. Котормонун аныктыгы жана тактыгы котормочунун колтамгасы менен нотариалдык күбөлөндүрүлүшү керек.
9. Документтерди кабыл алуу жана өтүнүч каттарды толтуруу ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн тизмеге ылайык берилген документтердин негизинде ишке ашырылат.
10. Өтүнүч кат АМС системасында аны каттаган күндөн тартып кароого кабыл алынды деп эсептелинет.
Арызды тариздөөдө арыз ээсине өтүнүчтү же Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү же жарандыкты берүүдөн баш тартуу маселеси чечилгенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө укук берген документтер кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымкат (4-тиркеме) берилет.
11. Зарыл болгон документтер жок болгон учурда кызматкер арыз ээсине ушул Жободо каралган тизмеге ылайык жетишпеген документтерди берүүнүн зарылчылыгын толук түшүндүрүүгө милдеттүү.
Арыз ээсинен документтерди кабыл алуудан баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө түшүндүрүп берүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөндө, арыз ээсине өтүнүч катты кароодон баш тартуунун себебин көрсөтүү менен арыз ээсине жооп жиберилет.
12. Өтүнүч катты толтурууда кызматкер төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
- идентификациялык жеке номеринин (мындан ары - ИЖН) негизинде жаранды идентификациялоо, анын ичинде анын жеке маалыматтарынын жана жүргөн жери боюнча каттоосунун шайкештигин текшерүүнү;
- АМСга киргизүү үчүн арыз ээси тарабынан берилген документтердин түп нускаларын сканерлөөнү (документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш);
- арыз ээсинен арыз-анкетага киргизилүүчү маалыматтардын жана жеке маалыматтарынын тууралыгын тактоону;
- арыз ээсинин бетин сүрөткө тартууну.
13. Электрондук түрдө таризделген өтүнүч кат арыз ээсинин жарандык боюнча материалдарына тиркөө үчүн басып чыгарылат. Берилген документтер жана алардын көчүрмөлөрү жеке көктөмөгө көктөлөт жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнө кароого жиберилет.
3. Кароонун жана макулдашуунун тартиби
14. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга материалдарды улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашууга жиберет.
Макулдашуу мөөнөтү 15 календардык күндөн ашпоого тийиш.
15. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жооп келип түшкөндөн кийин берилген материалдарды карайт жана алар боюнча корутунду даярдайт. Корутундуда арыз ээси жөнүндө текшерилген маалыматтар толук баяндалат, Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кабыл алуу жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу максатка ылайыктуу деп табылган жүйөлөр берилет.
16. Арыз ээсинин болгон бардык материалдары менен чогуу корутунду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссияга токтоосуз жиберилет.
17. Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кабыл алуу жөнүндө өтүнүч катты кароо жана чечим кабыл алуу өтүнүч кат катталган күндөн тартып үч айдын ичинде ишке ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин аткаруунун тартиби
18. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин алгандан кийин аларды өзүнүн аймактык бөлүмдөрүнө жиберет.
19. Аймактык бөлүмдөр Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын алган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө арызда көрсөтүлгөн жашаган дареги боюнча жазуу жүзүндөгү билдирүүнү арыз ээсине жиберишет.
20. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алынып жаткан арыз ээсине Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту белгиленген тартипте таризделет жана берилет.
21. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алууда арыз ээси аймактык бөлүмгө Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин чет өлкөлүк паспортун, жарандыгы жок адамдардын күбөлүгүн же кайрылмандын күбөлүгүн тапшырууга тийиш.
|
| 1-тиркеме |
| Сүрөт чаптала турган жер |
Кыргыз Республикасынын Президентине | |
АРЫЗ-АНКЕТА |
Мени жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууну өтүнөм, өзүм жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды билдирем: 1. Фамилиясы, аты-жөнү (фамилияңыз, аты-жөнүңүз өзгөргөн учурда Сиз алып жүргөн мурдагы фамилияңыз, аты-жөнүңүз жана аларды өзгөртүүнүн себеби жана датасы көрсөтүлөт) ________________________________ ______________________________________________________________________________________________ 2. Туулган датасы жана жери (күнү, айы, жылы, калктуу конуш, район, облус, мамлекет) ____________________ ______________________________________________________________________________________________ 3. Улуту _______________________________________________________________________________________ 4. Арыз ээси кайсы өлкөдөн келген ________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________________ 5. Азыркы учурдагы жарандыгы ___________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________________ 6. Кыргыз Республикасына келген датасы жана максаты (келүүнүн себеби көрсөтүлөт) _____________________ ______________________________________________________________________________________________ 7. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жери (жашаган жери боюнча катталгандыгы тууралуу белгиси бар колдонуудагы паспорту же жашап турууга уруксаты менен ырасталат) ________________________ ______________________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________________ 8. Жазык жоопкерчилигине же өлкөдөн чыгаруу түрүндө администрациялык жоопкерчиликке тартылгансызбы (эгер тартылсаңыз кайсы жерде, качан, эмне үчүн) ___________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________ 9. Үй-бүлөлүк абалы (үйлөнгөн, күйөөгө чыккан (бойдок), ажырашкан, жесир, жесил, никеге тургандыгы (ажырашкандыгы), каза болгондугу тууралуу күбөлүк, номери, датасы жана берилген жери) _________________ ______________________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________________ 10. Сиздин жакын туугандарыңыз (аялы, күйөөсү, ата-энеси, балдары, бир туугандары(*)). |
|
Туугандык катыштыгы | Фамилиясы, аты-жөнү | Туулган жылы жана жери | Жарандыгы | Иштеген жери жана кызмат орду (негизги иштеген жери боюнча) | Турган өлкөсү жана жашаган жеринин дареги |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) эгерде аялы күйөөсүнүн фамилиясын алып жүрсө, анын кыз кезиндеги фамилиясы көрсөтүлөт.
11. Аскердик милдетке тиешелүүлүгү _______________________________________________________________ (аскерге милдеттүү же аскерге милдеттүү эмес, наамы, кызмат кылган жери жана мезгили) 12. Аскер кызматында, ошондой эле чет мамлекеттин укук коргоо органдарында жана коопсуздук органдарында кызматта турасызбы (тургансызбы) ______________________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________________ 13. Билими жана адистиги (башталгыч, орто, атайын орто, жогорку, кайсы жерде, качан жана кайсы окуу жайын аяктагансыз) ___________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________________ 14. Эмгектик ишмердүүлүгү _______________________________________________________________________ 15. Жашоо үчүн каражаттардын булагы _____________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________________ 16. Мамлекеттик (кыргыз) же расмий (орус) тилин билесизби ___________________________________________ 17. Сизди Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга (калыбына келтирүүгө) түрткөн себептерди көрсөтүңүз ____________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________________ 18. Мени менен бир эле учурда Кыргыз Республикасынын жарандыгына жашы жете элек балдарымды кабыл алууну өтүнөм (фамилиясы, аты-жөнү, туулган датасы жана жери көрсөтүлөт) _____________________________ ______________________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________________ 19. Жашаган жеринин дареги, телефон номерлери ___________________________________________________ ______________________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________________ (өлкө, облус, район, калктуу конуш, көчө, үй №, квартирасынын №) 20. Дагы кошумча эмнени билдиргиңиз келет ______________________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________________ 21. Арыз менен чогуу төмөнкү документтерди берем __________________________________________________ ______________________________________________________________________________________________ 22. Мени Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алган учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттенем _________________________ (арыз ээсинин колтамгасы). 23. Мага жасалма документтердин же билип туруп берилген жалган маалыматтардын негизинде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жарандыгына мени кабыл алуу (калыбына келтирүү) жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жокко чыгарылууга тийиш экендиги эскертилди. Арызда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугумду берем. Берилген документтердин аныктыгын жана баяндалган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн ырастайм. 20___-жылдын "___" _____________ Арыз ээсинин колтамгасы _________________________ 24. Кызматтык белгилер Жаран ________________________________________________________________ төмөнкүлөрү бар: а) паспорту, аны: ______________________________________ (паспортту берген мекеменин аталышы) берген. ____-ж. "___" ____________ _____-ж. "___" _____________ чейинки мөөнөт менен. б) чет өлкөлүк жаран үчүн жашап турууга уруксат, сериясы ____________ № __________ аны _______________ берген. ____-ж. "___" _____________ _____-ж. "___" _____________ чейинки мөөнөт менен. в) жарандыгы жок адам үчүн жашап турууга уруксат, сериясы ___________ № __________ аны ______________ берген. ____-ж. "___" _____________ _____-ж. "___" _____________ чейинки мөөнөт менен. Арыз кароого алынды. Арыздын туура толтурулушун жана зарыл документтердин бар экендигин текшердим, арызга менин катышуумда кол коюлду, арыз ээсинин колтамгасынын аныктыгын ырастайм.
20____-жылдын "___" ____________
Колтамга __________________________________________________________________________ (документтерди кабыл алган кызматкердин кызмат орду, Ф.А.Ж.)
Эскертүү: ушул анкетада көрсөтүлгөн ырастоочу документтер жок болгон учурда, жазуулар арыз ээсинин сөзү боюнча жазылат. |
|
|
| 2-тиркеме |
ТААНУУ АКТЫСЫ |
|
Дата Акт түзүлгөн жер |
|
Арыз ээсинин сүрөтү |
|
Биз төмөндө кол койгондор: 1. _____________________________________________________________________________________________ (Ф.А.Ж., паспорттук маалыматтар көрсөтүлөт) 2. _____________________________________________________________________________________________ 3. _____________________________________________________________________________________________ Жаран ________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________ инсандыгын тастыктайбыз. Ал ____________________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________ жашайт. (калктуу конуштун аталышы, жашаган мезгили)
Ф.А.Ж., колтамгасы |
|
|
| 3-тиркеме |
ӨЗДҮК ДЕКЛАРАЦИЯ |
|
Мен, __________________________________________________________________________________________ (Ф.А.Ж. көрсөтүлөт) чет мамлекеттин паспорту менен документтештирилбегенимди тастыктайм жана менин жеке маалыматтарым өзгөртүлгөн жок. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жасалма документтердин же билип туруп берилген жалган маалыматтардын негизинде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жарандыгына мени кабыл алуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жокко чыгарылууга тийиш экендиги мага эскертилди.
Ф.А.Ж., дата жана колтамгасы |
|
|
| 4-тиркеме |
МААЛЫМКАТ |
|
Берилди ______________________________________, анын ___________________________________ Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кабыл алуу жөнүндө арызы карап чыгууга кабыл алынды (арызды кабыл алган орган көрсөтүлөт) _____________________________________________________ ______________________________________________________________________________________________ Арызды жана көрсөтүлгөн документтерди, алардын туура толтурулушун текшердим _______________________ ______________________________________________________________________________________________ (документтерди кабыл алган кызматкердин кызмат орду, Ф.А.Ж.)
20__-жылдын "___" ______________ Колтамгасы _________________
|
|