Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 24-июлу ПЖ № 313
Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу
Жарандарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун сапатын мындан ары жакшыртуу, элдик каада-салттарды кайра жандандыруу, руханий жактам бай жана адеп-ахлактуу инсанды калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. 2021-2026-жылдарга инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепция (мындан ары - Концепция) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- үч айлык мөөнөттө Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткарууну финансылык камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенип, Концепциянын негизги жоболору жана аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жарандарга, коомдук жана башка уюмдарга, спорт жана дене тарбия мекемелерине кеңири маалымат берүүнү камсыз кылсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
Тиркеме
ИНСАНДЫН РУХАНИЙ-АДЕП-АХЛАКТЫК ӨНҮГҮҮСҮ ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯСЫ ЖӨНҮНДӨ КОНЦЕПЦИЯ
I. Киришүү
Кыргыз Республикасы суверендүү мамлекет катары өзүнүн өнүгүү жолунда эл бийлиги принциптерине негизделген коомду курууда олуттуу социалдык-экономикалык кыйынчылыктарга туш болууда.
XX кылымдын аягында мурдагы СССР республикаларынын көз карандысыздыкка ээ болушу жаңы саясий жана социалдык- экономикалык түзүлүштү орнотууга, ошондой эле адамдардын аң- сезиминин жана алардын руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарынын олуттуу өзгөрүүлөрүнө алып келди.
Динамикалуу өнүгүп жаткан глобалдашуу мезгилинде коомдогу жагымдуу өзгөрүүлөр менен катар адамдардын кулк-мүнөзүндө, аң-сезиминде, руханий дүйнөсүндө жана жүрүм-турумунда жагымсыз көрүнүштөр да пайда болду.
Баалуулуктун багыттарынын алмашуусу элдин салттуу баалуулуктарынын маанилүүлүгүн аңдап түшүнүү, муундан муунга өтүп келген мурасты сактоо жана өнүктүрүү зарылдыгын шарттады.
Мамлекет өзүнүн жарандарынын келечек муундарын социалдаштырууда улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын бирдиктүүлүгүн жетекчиликке алуусу максатка ылайык. Адам укугу, анын эркиндиги, милдеттери жана жоопкерчилиги ар бир коомдо жогорку баалуулуктар болуп эсептелет. Мында жеке кызыкчылыктын үстүнөн коомдук жана мамлекеттик кызыкчылык, алардын каршы коюлбай тургандыгы артыкчылыкта турат.
Элдин маалымдар болуусунун, дүйнө таануусунун жана аң-сезиминин тез өзгөрүүсүнүн шартында өлкөнүн жарандарын улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын негизинде тарбиялоо, улуттук жана жарандык бирдейликти, жарандык маданиятты түзүү маанилүү.
Мамлекет жарандарды элдин салттуу баалуулуктарына жана алардын дүйнөлүк инновацияларга умтулуусуна, Мекенди, элди, кыргыздын баатырдык “Манас” эпосун жана башка адеп-ахлактык баалуулуктарды, кылымдан келе жаткан каада-салттарды тереңден таанып билүүгө жана сүйүүгө үйрөтүүгө өзгөчө көңүл бурат. Бардык окуу-тарбия берүү мекемелери жана уюмдары бул багытта активдүү иш жүргүзүүгө тийиш.
II. Концепцияда колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер
Бул Концепцияда төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
жарандык маданият — жарандардын жарандык милдетти түшүнүүсүндө, коомдун саясий системасына, саясий лидерлерге болгон сый мамилесинде жана бир эле убакта алардан көз каранды эместигинде көрүнүп турган саясий маданиятынын деңгээли;
жарандык бирдейлик - жарандык жалпылыктын жамааттык субъект катары аракеттенүүсүнө мүмкүндүк берүүчү мамлекеттин жарандарынын жалпылыкка тиешелүүлүгүнүн жеке сезими;
руханий-адеп-ахлактык баалуулуктар - адамдардын бири-бирине, үй-бүлөгө жана коомго болгон мамилелериндеги мээримдүүлүк жана кастык, жалган жана чындык критерийлерине негизделген негиз болуучу ченемдер жана принциптер;
материалдык кызыкчылык - буюм түрүндөгү пайдаларга умтулуу;
дүйнөлүк экологиялык маданинт - жалпы адамзаттык маданияттын бөлүгү, адам менен жаратылыштын өз ара мамилелерине тиешелүү болгон социалдык мамилелердин, коомдук жана жек моралдык-этикалык ченемдердин, көз караштардын, көрсөтмөлөрдүн жана баалуулуктардын системасы; адамзат коому менен курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн бирге болуусунун гармониялуулугу;
дүйнө таануу - жаратылышка, социумга жана адамга, курчап турган жашоого жана адамдын өзүнүн ушул системадагы ордуна болгон көз караштардын системасы. Дүйнө таануу баалуулуктар системасы, конкреттүү инсандын идеалдары жана белгилүү социалдык топ аркылуу түшүндүрүлөт;
эл (улут) - мамлекеттин калкы, өлкөнүн туруктуу жашоочулары;
улуттук бирдейлик - белгилүү бир улутка (эл, этностук топ) тиешелүү болгон адамдардын анын идеалдарын, маданий ченемдерин 3жана салттарын, ошондой эле жалпы көп улуттуу социумдагы өзүнүн улутунун абалын аңдап түшүнүүсү;
улуттук аң-сезим - улуттун же этностун өкүлдөрүнүн ой жүгүртүүлөрүнүн, салттарынын жана түшүнүктөрүнүн жыйындысы, алар адамдардын бул жалпылыгын бүтүн катары элестетүүгө жана ар бир индивидди бул социалдык бүтүндүккө кошууга мүмкүндүк берет;
улуттук баалуулуктар - белгилүү бир элдин улутгук салттары, үрп-адаттары, маданияты жана искусствосу;
жалпы адамзаттык баалуулуктар - социалдык абалына, улутуна, динге болгон ишенимине, билимине жана курагына, жынысына ж.б. карабастан адамдардын жашоосунда артыкчылыктуу мааниге ээ болгон идеалдардын, принциптердин, адеп-ахлактык ченемдердин, укуктардын жыйындысы;
салттуу маданият - элдин үрп-адаттарын, жашоо образын чагылдырган, ошондой эле эл узак убакыт бою түзүп келген жана өткөрүп берген маданияттын белгилүү формасы;
этнос - адамдардын тарыхый калыптанган, социалдык бүтүндүккө жана жүрүм-турумдун өзгөчө-жеке стереотибине ээ болгон бирдейлиги (эл, улут).
III. Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциянын негизги принциптери
Ушул Концепциянын алкагында аныкталган багыттар боюнча иштелип чыккан бардык программалар төмөнкүдөй принциптерге шайкеш келиши керек:
- руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо элдин салттуу баалуулуктарына, билимине жана тажрыйбасына, ошондой эле жалпы адамзаттык баалуулуктарга негизделет;
- бирдей руханий-адеп-ахлактык жана дене тарбиялык өнүгүү;
- ар-намыс жана аброй, Мекенге жана элге кызмат кылуу – эң жогорку баалуулуктар;
- материалдык кызыкчыларга караганда руханий-адеп-ахлактык баалуулуктардын артыкчылыгы;
- үй-бүлө, татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү - руханий-адеп-ахлактык жана дене тарбиялык өнүгүүнүн негизи;
- боорукердик, кайрымдуулук, айкөлдүк, адилеттүүлүк – инсандын адеп-ахлактуулугунун негизи.
IV. Концепциянын максаты, милдеттери жана багыттары
Концепциянын максаты - ар тараптуу өнүккөн, өз элинин руханий-адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарын терең сиңирген, эне тилин негизги баалуулук катары сыйлаган, билимдүү, жоопкерчиликтүү, дени сак, мекенчил, татыктуу инсанды калыптандыруу.
Концепциянын милдеттери:
- Кыргызстандын элин, айрыкча өсүп келе жаткан муунду мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга, улуттук дөөлөттү, салттуу жана жалпы адамзаттык руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого, сергек жашоо мүнөзүн жүргүзүүгө, ак ниет эмгекке. укуктук, экологиялык жана эстетикалык тарбия алууга багыттоо;
- мамлекеттик жана эне тилге аяр мамиле кылуу, жарандык коомдун өнүктүрүү процессине шайкеш келүү жана мекенчилдик сыяктуу коомдук жүрүм-турум ченемдерин мыйзам ченемдүүлүккө айландыруу.
4.1 Үй-бүлө - инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн пайдубалы
Үй-бүлөнүн жана ата-эненин жаш муундун алдындагы негизги милдети - терең жана ар тараптуу руханий-адеп-ахлактык негиздерди түптөө жана анык мекенчилди тарбиялоо.
Социалдык-экономикалык жана саясий көйгөйлөргө, жумушсуздукка, ички жана тышкы миграциянын өсүшүнө ж.б. карабастан, үй-бүлө, ата-эне өсүп келе жаткан муунга сергек жашоо мунөзүн жапа сапаттуу билим алууну камсыз кылууга, бекем руханий-адеп-ахлактык негиздерди жана эмгек көндүмдөрүн түптөөгө милдеттүү. Жаштардын коомдун өнүгүшүнө ылайык келген технологиялык көндүмдөрдү өздөштүрүүсү, руханий жактам бай, эркин, адеп-ахлактык муунду калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү. Жарандык жана мекенчил аң-сезимди калыптандыруу үчүн коом, салттуу үй-бүлө, ар бир ата-эне балдарды өзүнүн үлгүлүү жүрүм-туруму, камкордук көрүүсү жана көңүл буруусу менен тарбиялоосу маанилүү.
Мамлекет ата-энелерге ар тараптан колдоо көрсөтүүгө жана үй-бүлөнүн бүтүндүгүнө кам көрүүгө милдеттүү.
4.2 Татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү - инсандын өнүгүүсүнүн негизи
Билим берүү системасынын бардык деңгээли, этнопедагогиканы кошуп алганда - инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн тарбиялоонун негизи. Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү боюнча педагогдордун жана устаттардын иши ак ниеттүү, жоопкерчиликтүү жана жогорку кесиптик деңгээлде ишке ашырылууга тийиш. Ар бир инсан өзүнүн дүйнө таанымына жана жеке жөндөмдөрүнө ылайык өнүгүүгө тийиш.
4.3 Дене тарбия жана спорт —ден соолуктун негизи
Мамлекеттин жана коомдун маанилүү милдети болуп ар бир адамдын жана бүтүндөй улуттун саламаттыгы жөнүндө кам көрүү саналат. Артыкчылыктуу багыттардын бири - агартуу аркылуу улуттун саламаттыгын жана генофондун бекемдөө.
Күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгү катары спортко тартуу менен бирге адамдарда сергек жашоо мүнөзүнө умтулууну калыптандыруу зарыл.
4.4 Эмгекке тарбиялоо
Коом жана мамлекет ак ниет жана талыкпаган эмгек - бакубаттыктын жана байлыктын булагы экендигин ар бир жарандын түшүнүүсү жана күнүмдүк жашоосунда аны кармануусу жөнүндө кам көрүүгө тийиш. Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн кыймылдаткыч күчү болуп жан дили менен иштөө жана өзүнүн ички дараметин ачуу эсептелет. Эң коркунучтуу, коомду жаман жолго салган көрүнүш - жеке кызыкчылыктарды гана канааттандырууну көздөгөн жалкоолук, коррупция жана өзүмчүлдүк.
Бардык коомдук институттар, өзгөче үй-бүлө, ошондой эле тарбия берүүчү жана билим берүүчү мекемелер жана уюмдар азыркы дүйнөлүк коомчулуктун IT-технологияларды өздөштүрүүгө, илимий-техникалык сабактарды жана креативдик индустрияны өнүктүрүүгө көңүл топтоосун эске алуу менен чыгармачылык, жаратмандык эмгекти өнүктүрүү аркылуу өсүп келе жаткан муунду материалдык көз карандысыздыкка жетишүүгө багыттоого жана окутууга тийиш.
4.5 Эстетикалык тарбиялоо
Эстетикалык тарбиялоо - инсанда эстетикалык аң-сезимди, көркөм-эстетикалык сезимди, курчап турган жаратылыштагы, күнүмдүк турмуштагы, маданияттагы, искусстводогу ажайып кооздукту кабылдоо жана баалоо жөндөмүн калыптандыруу;
Кеңири коомчулукту элдик каада-салттын эстетикасы жана сулуулугу менен тааныштыруу жана аларды баалай билүүгө тарбиялоо - учурдун талабы. Ошондой эле мамлекеттин жана коомдун күч-аракетин элибиздин салттуу баалуулуктарын ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүүгө багыттоо зарыл.
4.6 Улуттук жана жалпы адамзаттмк руханий жана маданий-адеп-ахлактык баалуулуктарды жактоо духунда тарбиялоо
Бүткүл коомдун руханий байлыгынын ченеми болуп элибизге мүнөздүү болгон меймандостук, объективдүүлүк, чынчылдык, калыстык, айкөлдүк, берешендик, сараң эместик, чыдамкайлык, кечиримдүүлүк, мээримдүүлүк, боорукердик, патриоттуулук сыяктуу баалуу сапаттар саналат.
Юридикалык укуктун ченемдерине ылайык жана дин тутууну эске алып коомдун өнүгүүсүнүн заманбап шарттарына карата социалдык мамилелерди жөнгө салуунун салттуу ыкмаларынын дүйнөлүк тажрыйбасына таянуу менен адаптация болуу - азыркы учурдун талабы.
Көөнөрбөс руханий мурас жана элдин адеп-ахлактык баалуулуктары тарбиялоонун жана билимдин казынасы болуп саналат.
Адамзаттын өнүгүүсү үчүн маданияттын көп түрдүүлүгү жана өз ара аракеттенүүсү зарыл. Инсандын динамикалуу өнүгуүсүнүн шарттары болуп жаш муундун дүйнөлүк маданияттын алдыңкы тажрыйбаларын кабылдоосу, жүрүм-турумдун эл аралык ченемдерин колдонуусу жана коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуусу саналат.
4.7 Тилге урматтоо менен мамиле кылуу жана аны өнүктүрүү
Этностун аныктоочу белгиси эне тил болуп саналат.
Мамлекеттик тил - жарандык коомду куруунун, этностор ортосундагы кызматташтыкты жана мамилелерди өнүктүрүүнүн каражаты болуп саналат.
Бардык этностордун өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана эне тилди билүүсү, бул тилдерде сабаттуу сүйлөй жана жаза билүүсү - ар бир жарандын атуулдук милдети жана анын маданиятынын көрсөткүчү.
Ошону менен бирге расмий жана дүйнөлүк тилдерди окуп-үйрөнүү, аларды күнүмдүк турмушта колдонуу ар бир жарандын жана жалпысынан коомдун өнүгүүсү үчүн зарыл.
4.8 Экологиялык тарбиялоо
Жаратылышка аяр мамиле кылуу - элдин кылымдардан бери келе жаткан салты жана адамдын адеп-ахлактуулугунун белгилеринин бири болуп саналат. Ар бир муундун милдети - айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен, жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу жана кийинки муунга өткөрүп берүү. Элдин бай турмуштук тажрыйбасына жана дүйнөлүк экологиялык маданиятка жетүүгө таянуу менен тарбиялоо иши - жаратылыш менен гармонияда жашоонун кепилдиги.
4.9. Укуктук маданиятка тарбиялоо
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизги ченемдери жарандын укуктары, эркиндиги жана милдеттери болуп саналат. Инсандын эркиндиги жана жоопкерчилиги эң жогорку баалуулук катары коомдун көңүл чордонунда болууга тийиш. Адамдын укуктары жана эркиндиги, алардын кепилдиктери мамлекеттин ишинин багыттарын аныктайт.
4.10 Жарандык өнүгүү жана патриоттуулукка тарбиялоо
Өлкөнүн ар бир жаранынын укуктарын жана эркиндигин коргоо, мыйзамды сыйлоо, үлгүлүү жүрүм-турум, улуттук рухка шайкеш келген жалпы адамзаттык маданияттын элементтерин өздөштүрүү, өзүн-өзү сын коз караш менен кароо, инновацияларга умтулуу – патриоттук тарбиялоонун жана жарандык өнүгүүнүн негизги багыттары.
Мамлекеттин коопсуздугунун, туруктуулугунун жана бакубаттуулугунун булактарынын бири өлкөдө этностор аралык ынтымакка, укукка жана маданиятка өз ара сый-урмат менен мамиле кылууга жетишүү болуп саналат.
4.11 Кыргыз мамлекетинин бүгүндүгүн сактоо
Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн сактоо, элдин биримдигии бекемдөө, Ата мекендин эгемендигин коргоо, “элдин кызыкчылыгы бардыгынан жогору” принцибин кармануу, өз элинин тарыхына жана маданиятына аяр мамиле кылуу, бабалардын басып өткөн баатырдык жолуна патриоттуулук жана улуттук сыймыктануу сезимин тарбиялоо - руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун негизги максаты болуп саналат.
V. Концеицияны ишке ашыруу жолдору
5.1 Тарбиялоо - бүткүл коомдун милдети
Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү үчүн бул ишке коомдук уюмдарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын, илимий- изилдөө-мекемелерин тартуу менен Концепциянын негизинде мамлекеттик органдардын, бардык окутуу-тарбиялоо мекемелеринин иш-аракеттеринин бирдиктүү планын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу жана чыгармачыл мамиле жасоо зарыл.
5.2 Тарбиялоонун ыкмалары жана формалары
Тарбиялоо - бул чыгармачыл жана салттуу формалардан жана методдордон турган максатка багытталган, жооптуу процесс. Тарбиялоо ишинде максаттуу натыйжаларга жетишүү үчүн дүйнөлүк практикада апробацияланган төмөнкүдөй ар кандай формаларды пайдалануу зарыл: массалык, топтук жана жеке.
5.3 Концепцияны ишке ашыруунун шарттары
Инсанды тарбиялоо процесси коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө жүргүзүлүүгө тийиш. Инсанды руханий-адеп-ахлактык жактан тарбиялоо үчүн өбөлгөлөрдү түзүүгө адамдарга коом тарабынан алардын эмгекчилдиги, ак ниеттүүлүгү, жоопкерчиликтүүлүгү, патриоттуулугу үчүн сыйлоо, ошондой эле мыйзамга каршы иш- аракеттери үчүн жазалоо мисалдары мүмкүндүк түзөт.
Мамлекет инсандын руханий-адеп-ахлактык ийгиликтүү өнүгүүсү жана дене тарбиясы үчүн тийиштүү шарттарды түзүшү керек. Тарбиялоо процесси зарыл болгон материалдык, экономикалык ресурстар, окуу-методикалык комплекстер, педагог-тарбиячылардын жана устаттардын эмгегин өбөлгөлөө механизмдери менен бекемделиши зарыл.
VI. Тарбиялоонун натыйжалары
Руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун натыйжасы болуп мамлекеттин бүтүндүгүн жана анын кызыкчылыктарын өзүнүкүнөн жогору койгон, терең билимге ээ, өз элинин тарыхы, ата-бабалардын басып өткөн баатырдык жолу менен сыймыктанган, элдин биримдүүлүк жана ынтымактуулук идеяларына берилген, эне тилин сүйгөн, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды кадырлоочу адам эсептелет.
Бул мыйзамды, адамдын укугун жана эркиндигин сыйлоочу, дүйнөлүк маданияттын эң мыкты үлгүлөрүн сиңирген, өзүнө сын көз караш менен караган, инновацияларга умтулган, жоопкерчиликтүү жана саламаттыгы чың адам.
VII. Каржылоо булактары
1. Республикалык бюджет.
2. Жергиликтүү бюджеттер.
3. Атайын каражаттар.
4. Демөөрчүлөрдүн каражаты.
5. Коомдук фонддордун финансысы.
6. Гранттык каражат.
Бардык деңгээлдеги тарбиялоо процесси боюнча отчеттуулукту тиешелүү мамлекеттик органдардын жана коомдун контролу астында камсыздоо зарыл.
VIII. Корутунду
Концепция инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы боюнча максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу процессине жана натыйжасына мониторинг жүргүзүү үчүн дисциплина аралык илимий негизде иштелип чыкты.
Окуу-тарбиялык процесстин максаттарына жетүү бүтүндөй коомду камтыганда, мамлекеттик органдардын, инсандын руханий-адеп- ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясынын бирдиктүү иш-аракеттер планы боюнча иштеген бардык билим берүү мекемелеринин жана уюмдардын өз ара тыгыз аракеттенүүсүндө мүмкүн болот.