Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 543 жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 8-июля ПЖ № 292
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин алдын ала карап чыгуу үчүн токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Зулпиев Бектур Рысбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, Комиссиянын төрагасы; |
Мамасадыков Рустам Алайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Шукурбеков Улугбек Абдималикович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Курманбаева Аида Маратовна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Мадмаров Азизбек Маматович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Карыбеков Залкарбек Арзыбекович | - | Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; |
Эркебаев Абдыганы Эркебаевич | - | Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин төрагасы; |
Нифадьев Владимир Иванович | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору; |
Бараканова Салтанат Нурудиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти. |
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 18-февралындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |