Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июлундагы ПЖ № 305 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш) санариптик трансформациялоо чөйрөсүн өнүктүрүү, санариптештирүү боюнча программаларды жана улуттук долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгууну камсыз кылуучу, туруктуу иштөөчү консультативдик-кеңешме орган болуп эсептелет
2. Байкоочу кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат, буга Долбоордук офистин жетекчиси кирбейт.
4. Байкоочу кеңештин милдеттерин жана функцияларын камсыз кылуу үчүн туруктуу же убактылуу негизде жумушчу органдар/топтор түзүлүшү мүмкүн. Тиешелүү жумушчу органдарды/топторду түзүү жөнүндө чечимди Байкоочу кеңештин мүчөлөрү кабыл алат.
5. Долбоордук офистин ишинин ар жылдык аудитин мыйзамда белгиленген тартипте тышкы аудитор жүргүзөт.
2. Байкоочу кеңештин максаты, милдеттери жана укуктары
6. Байкоочу кеңештин максаты болуп санариптештирүү чөйрөсүн өнүктүрүү, санариптик трансформациялоо, Кыргыз Республикасында санариптик экономиканы куруу, өтмө санариптик процесстерди түзүү жана турмуштун бардык чөйрөлөрүндө жаңы технологиялык тартипке өтүүнү жүргүзүү боюнча туруктуу механизмди түзүү эсептелет.
7. Байкоочу кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасында санариптик трансформациялоо, коомдук мамилелерди жөнгө салууда инновациялык ыкмаларды колдонуу, башкарууда жана киберкоопсуздукту камсыз кылууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири колдонуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу жана илгерилетүү;
- санариптик трансформациялоо жана өнүктүрүү маселелеринде өлкөнүн санариптик күн тартибинин артыкчылыктарын аныктоо;
- төмөнкүлөр боюнча сунуштарды иштеп чыгуу:
санариптештирүү процесстерин бирдиктүү башкарууну реформалоо жана санариптик өнүктүрүү үчүн бөлүнүүчү эл аралык жардамды координациялоо;
санариптик өнүктүрүү программаларын жана улуттук долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү;
- программалардын жана улуттук долбоорлордун максаттарына жетүүгө жана аларды ишке ашыруунун жүрүшүнө талдоо жүргүзүү жана баалоо, тиешелүү чөйрөлөрдөгү иштерди өркүндөтүү, стратегиялык пландоонун колдонуудагы документтерин актуалдаштыруу, санариптик өнүктүрүүнүн жана санариптик экономиканын, Кыргыз Республикасынын бирдиктүү санариптик платформасынын маселелерине тиешелүү болгон зарыл ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо.
8. Байкоочу кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден, илимий, эксперттик жана башка уюмдардан, кызмат адамдарынан зарыл болгон материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- өзүнүн жыйналыштарында санариптик өнүктүрүү, санариптик трансформациялоо, санариптик экономиканын негиздерин түзүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, коомдук бирикмелердин, эксперттик, илимий жана башка уюмдардын өкүлдөрүн угууга;
- жумушчу органдарды, топторду түзүүгө, санариптик өнүктүрүүнүн тиешелүү жааттарындагы эксперттерди, адистерди ишке тартууга;
- санариптештирүү, санариптик өнүктүрүү жана санариптик экономика чөйрөсүндө башка сунуштамаларды берүүгө;
- өзүнүн иш-чараларын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бардык булактардан финансы каражаттарын тартууга.
3. Байкоочу кеңештин ишин уюштуруу жана анын тартиби
9. Байкоочу кеңештин ишин Долбоордук офис камсыз кылат, ал Байкоочу кеңештин туруктуу иштеген аткаруучу органы болуп эсептелет.
10. Байкоочу кеңештин катчысы Долбоордук офистин жетекчиси болуп эсептелет.
11. Байкоочу кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша Байкоочу кеңештин төрагасынын чечими боюнча, бирок кварталына кеминде бир жолу өткөрүлөт.
12. Байкоочу кеңештин жыйналышын Байкоочу кеңештин төрагасы өткөрөт. Байкоочу кеңештин төрагасы жок болгондо анын тапшырмасы боюнча Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары жыйналышты өткөрөт.
13. Байкоочу кеңештин жыйналышы эгерде ага анын курамынын кеминде 2/3 катышса укуктуу болуп эсептелет.
14. Байкоочу кеңештин жыйналышынын күн тартибин жана анда маселелерди кароонун тартибин Байкоочу кеңештин катчысынын сунушу боюнча Байкоочу кеңештин төрагасы бекитет.
15. Каралып жаткан маселелер боюнча чечимдер Байкоочу кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
16. Жыйналышта кабыл алынган Байкоочу кеңештин чечимдери протоколдор менен таризделет.
17. Байкоочу кеңештин чечимдерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актылары чыгарылышы мүмкүн.
4. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
18. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Байкоочу кеңештин жыйналыштарына катышууга, талкууланган маселелердин маңызы боюнча сунуштарды, сын пикирлерди жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө, эксперттердин талапкерлигин сунуш кылууга, маалымкаттарды берүүгө;
- Байкоочу кеңеш иштеп чыгуучу сунуштамаларды даярдоого жана ишке ашырууга катышууга;
- Байкоочу кеңештин мүчөсүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды алууга жана таанышууга;
- Байкоочу кеңештин компетенциясына кирген маселелерди талкуулоодо Байкоочу кеңештин жумушчу органдарынын жыйналыштарына катышууга;
- Байкоочу кеңештин бардык маселелери боюнча өзүнүн пикирин эркин билдирүүгө;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга жана Байкоочу кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматты суроого.
19. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Байкоочу кеңештин ишине, анын жумушчу органдарынын ишине жана Байкоочу кеңештин иш планына ылайык иш-чараларга жеке катышууга;
- Байкоочу кеңештин жыйналыштарына катышууга, жүйөлүү себептерсиз катышпай калууну болтурбоого;
- Байкоочу кеңештин башка мүчөлөрүнө Байкоочу кеңештин иш планына ылайык өзүнүн ишинин жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө толук маалымат берүүгө;
- Байкоочу кеңештин чечимдерин жана сунуштамаларын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө.