Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 4-январы ПЖ № 1
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Чүй облусунун Чүй жана Ысык-Ата райондук сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 11-январынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Динеев Мирад Сагынбекович;
Ибраимкулов Кангелди Рыскулбекович;
Канулькулов Марат Эдильевич;
Кемелова Жылдыз Дуйшенбековна;
Оморова Майрам Карыпжановна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |