ЖарлыкКүчүндө

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2016-жылдын 4-январындагы ПЖ № 1 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» ЖАРЛЫГЫ

Редакция04.01.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 4-январы ПЖ № 1

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

 

Чүй облусунун Чүй жана Ысык-Ата райондук сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2016-жылдын 11-январынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

Динеев Мирад Сагынбекович;

Ибраимкулов Кангелди Рыскулбекович;

Канулькулов Марат Эдильевич;

Кемелова Жылдыз Дуйшенбековна;

Оморова Майрам Карыпжановна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А. Атамбаев