Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 1-сентябры ПЖ № 373
Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө
Ар айлык социалдык жөлөкпул алган балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык колдоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) 2021-жылдын 1-октябрынан тартып ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн 50 пайызга көбөйтсүн:
- ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;
- атасынан же энесинен айрылган балдарга 1000 сомдон 1500 сомго чейин;
- атасы менен энесинен айрылган балдарга 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
- бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;
- бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 3300 сомдон 4950 сомго чейин;
- бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 2700 сомдон 4050 сомго чейин;
- атасы менен энеси белгисиз балдарга 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
2) 2021-жылдын 1-октябрына чейин эсептелген ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүнө карата ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн 2022-жылдын 1-январынан тартып 100 пайызга көбөйтсүн:
- ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин;
- атасынан же энесинен айрылган балдарга 1000 сомдон 2000 сомго чейин;
- бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин;
- бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 3300 сомдон 6600 сомго чейин;
. - бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 2700 сомдон 5400 сомго чейин;
3) 2021-жылдын 1-октябрына чейин эсептелген ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүнө карата ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн 2022-жылдын 1-январынан тартып 200 пайызга көбөйтсүн:
- атасынан же энесинен айрылган балдарга 2000 сомдон 6000 сомго чейин;
- атасы менен энеси белгисиз балдарга 2000 сомдон 6000 сомго чейин;
4) багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу балдардын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн атасынан же энесинен (атасы менен энесинен) айрылган учурда, эгерде аларда пенсиялык камсыздоого укугу болбосо, балдар үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнө теңештирүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
5) бул Жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган чараларды көрсүн.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө алам.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |