Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 293 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш жөнүндө жобо
(КР Президентинин 2021-жылдын 27- августундагы № 369 жарлыгынын редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш (мындан ары - Кеңеш) коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча, бизнес-чөйрөнү, инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун жана ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүү боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгууну камсыз кылуучу, туруктуу иштөөчү консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Кеңештин ишинин негизги принциптери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- Кеңештин ишинин айкындыгы жана ачыктыгы;
- чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда жарандык коомдун жана бизнес-коомчулуктун пикирин эске алуу;
- даярдалуучу чечимдердин негиздүүлүгү;
- Кеңештин мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу;
- акыркы натыйжага багыт алуучулук.
3. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кыргыз Республикасынын Президенти Кеңештин төрагасы болуп саналат.
5. Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:
- Кеңештин башкы катчысы;
-тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
- бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
- жарандык коомдун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
6. Кеңештин жеке курамын Кеңештин башкы катчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
7. Кеңештин башкы катчысынан тышкары, Кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
8. Кеңештин башкы катчысын Кыргыз Республикасынын Президенти дайындайт жана бошотот.
II. Кеңештин максаттары жана милдеттери
9. Кеңештин максаты мамлекеттик бийлик органдарынын жарандык коом жана бизнес менен коррупцияга каршы аракеттенүү, бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу, жарандарды жана ишкердик субъекттерин укуктук коргоонун механизмдерин өркүндөтүү маселелери боюнча туруктуу диалогунун жана өз ара аракеттенүүсүнүн механизмин түзүү болуп саналат.
10. Кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бизнес-коомчулуктун ортосунда бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча өнөктөштүктүн иштиктүү механизмдерин иштеп чыгуу;
- төмөнкүлөрдү жүргүзүү:
мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасында бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана коррупцияга каршы аракеттенүү, ишке ашырылуучу коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашырууга үзгүлтүксүз мониторинг жана баалоо;
коррупцияга каршы мыйзамдардын жана бизнести коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын натыйжалуулугуна, мамлекеттик бийлик органдарынын аны колдонуу практикасына талдоо;
бизнестин жана коомчулуктун суроо-талабы боюнча ишкердик ишти жөнгө салуу жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана мыйзамдардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза;
- мамлекеттик органдар үчүн төмөнкүлөр боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу:
бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу;
мамлекеттин жөнгө салуучу функцияларын өркүндөтүү максатында мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо;
(КР Президентинин 2021-жылдын 27- августундагы № 369 жарлыгынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)
мыйзамдарды жана мамлекеттин коррупцияга каршы саясатын өркүндөтүү;
сот жана укук коргоо системасынын ишин өркүндөтүү.
III. Кеңештин ыйгарым укуктары
11. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн жыйналыштарында бизнес-чөйрөнү, инвестициялык климатты жакшыртуу, коррупцияга каршы аракеттенүү жана коррупцияга каршы чараларды аткаруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерин угууга;
- бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана пайдалануу, мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшүнө эксперттик баалоолорду жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын адистерин жана эксперттерин, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү белгиленген тартипте тартууга;
- мамлекеттик органдарга тиешелүү рекомендацияларды жана сунуштарды киргизүүгө;
- бизнес-сектордун ишиндеги коррупциялык тобокелдиктерди жана факторлорду алдын алуу боюнча чараларды биргелешип иштеп чыгуу процессине бизнес-коомчулуктун жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн тартууга жана алардын демилгелерин кароого.
- бизнес-сектордун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги коррупциялык тобокелдиктерди жана факторлорду алдын алуу боюнча чараларды биргелешип иштеп чыгуу процессине бизнес- коомчулуктун жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартууга жана алардын демилгелерин кароого.
(КР Президентинин 2021-жылдын 27- августундагы № 369 жарлыгынын редакциясына ылайык)
IV. Кеңештин ишин уюштуруу
12. Кеңештин жыйналыштары зарылчылыкка жараша Кеңештин төрагасынын чечими боюнча, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
13. Кеңештин жыйналыштарын Кеңештин төрагасы өткөрөт. Кеңештин төрагасы жок учурда анын тапшырмасы боюнча жыйналышты Кеңештин мүчөлөрүнүн бири өткөрөт.
14. Кеңештин жыйналыштарына анын курамынын кеминде 2/3 катышса, укуктуу деп эсептелет.
15. Каралып жаткан маселелер боюнча чечимдер Кеңештин катышып жаткан мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Кеңештин жыйналышынын протоколу түрүндө таризделет.
(КР Президентинин 2021-жылдын 27- августундагы № 369 жарлыгынын редакциясына ылайык)
16. Кеңештин чечимдери сунуштоочу мүнөзгө ээ.
17. Күн тартибин жана Кеңештин жыйналыштарында маселелерди кароо тартибин Кеңештин башкы катчысынын сунушу боюнча Кеңештин төрагасы бекитет.
18. Кеңештин милдеттерин жана функцияларын камсыз кылуу үчүн туруктуу же убактылуу негизде Кеңештин жумушчу органдары түзүлүшү мүмкүн. Кеңештин тийиштүү органдарын түзүү жөнүндө чечим Кеңештин мүчөлөрү тарабынан кабыл алынат.
19. Кеңештин ишинин жыйынтыктары жалпыга маалымдоо каражаттарында үзгүлтүксүз чагылдырылып турат.
20. Кеңеш эксперттик жумушчу топтордун иши үчүн талаптагыдай техникалык, финансылык жана башка шарттарды түзүү үчүн бюджеттен тышкаркы каражаттарды, донорлордун жана эл аралык уюмдардын гранттык жардамын тартууга укуктуу.
21. Кеңештин жумушчу органы болуп Кеңештин катчылыгы эсептелет.
22. Башкы катчы Кеңештин төрагасы менен макулдашуу боюнча Кеңештин катчылыгьнын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет.
(КР Президентинин 2021-жылдын 27- августундагы № 369 жарлыгынын редакциясына ылайык)
23. Кеңештин катчылыгынын ишин каржылоо гранттык негизде өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр тарабынан ишке ашырылат.
24. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кеңештин ишин материалдык-техникалык жана башка жактан камсыздоодо көмөк көрсөтөт.
25. Кеңештин өзүнүн фирмалык бланкы болот.
V. Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
26. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кеңештин жыйналыштарына катышууга, талкуулануучу маселелердин маңызы боюнча сунуштарды, сын пикирлерди жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө, эксперттердин талапкерлигин сунуштоого, маалымкаттарды берүүгө;
- Кеңеш тарабынан иштелип чыккан рекомендацияларды даярдоого жана ишке ашырууга катышууга;
- Кеңештин мүчөлөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматты алууга жана таанышууга;
- Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди талкуулоодо Кеңештин жумушчу органдарынын жыйналыштарына катышууга;
- Кеңештин ишинин бардык маселелери боюнча өз пикирин эркин билдирүүгө;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга жана алардан Кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматты суроого.
27. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кеңештин ишине, анын жумушчу органдарынын ишине жана Кеңештин иш пландарына ылайык иш-чараларга жеке катышууга;
- Кеңештин жыйналыштарына катышууга, жүйөсүз себептер менен келбей коюуларга жол бербөөгө;
- Кеңештин иш пландарына ылайык өз ишинин жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө толук маалыматты Кеңештин башка мүчөлөрүнө берүүгө;
- Кеңештин чечимдерин жана рекомендацияларын ишке ашырууга көмөктөшүүгө.
VI. Кеңештин башкы катчысынын жана катчылыгынын негизги функциялары
28. Кеңештин башкы катчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматты суроого;
- айрым маселелерди талкуулоо жана Кеңештин жыйналышын даярдоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда жумушчу кеңешмелерди өткөрүүгө;
- Кеңештин рекомендацияларын жана сунуштарын кароого мониторинг жүргүзүүнү камсыздоого;
- Кеңештин төрагасына баяндама каттарды даярдоого, Кеңештин рекомендацияларын жана сунуштарын кароо жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө маалымдоого;
- коррупцияга каршы аракеттенүү, бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелери боюнча министрликтердин, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун, жарандык коомдун жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн сунуштарын жалпылоого;
- бизнес-коомчулукта жана жарандык коомдо келип чыккан көйгөйлүү маселелерди ыкчам тартипте чечүү үчүн эксперттик топторду түзүү жөнүндө сунуш менен тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылууга;
- Кеңештин жыйналыштарын даярдоого катышууга;
- катчылыктын ишин жетектөөгө;
- штаттык расписаниенин чегинде катчылыктын кызматкерлерин жалдоо жана бошотуу жөнүндө буйруктарды чыгарууга жана катчылыктын иши үчүн зарыл болгон башка чечимдерди кабыл алууга.
(КР Президентинин 2021-жылдын 27- августундагы № 369 жарлыгынын редакциясына ылайык)
29. Катчылык төмөнкү функцияларды аткарат:
- Кеңештин ишин маалыматтык-талдоочулук камсыз кылууну жана эксперттик-укуктук коштоону жүргүзөт;
- жүргүзүлгөн реформаларды жана Кеңештин кабыл алынган чечимдерин иш жүзүндө аткаруунун механизмдерин ишке ашырууда практикалык көмөк көрсөтөт;
- Кеңештин чечимдерин иш жүзүндө аткарууга кылдат системалуу талдоону, аларды ишке ашырууга терс таасир этүүчү боштуктарды жана көйгөйлөрдү аныктоону жүргүзөт;
- Кеңештин чечимдерин толук жана натыйжалуу аткарууга тоскоолдук кылуучу системалуу кемчиликтерди аныктайт, ошондой эле аларды жоюу боюнча сунуштарды киргизет;
- инновациялык идеяларды иштеп чыгат, мыйзамдарды өркүндөтүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, бюрократизмди жана башка административдик тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле башкарууну уюштуруунун заманбап методдорун киргизүү боюнча сунуштарды киргизет;
- рекомендацияларды жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, биринчи кезекте Кеңештин чечимдери менен каралгандарды, ошондой эле тиешелүү чөйрөлөрдө жана тармактарда укук колдонуу тажрыйбасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды өз убагында жана сапаттуу даярдоону камсыз кылат;
- натыйжаларын Кыргыз Республикасынын шарттарында киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу менен тиешелүү эл аралык тажрыйбаны жана чет элдик мыйзамдарды туруктуу изилдейт;
- Кеңештин ишинин алкагында жүргүзүлгөн реформаларды ишке ашырууну камсыз кылуунун актуалдуу маселелери боюнча семинарларды, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча адистештирилген тренингдерди, тегерек столдорду, конференцияларды, симпозиумдарды жана башка иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт.
30. Кеңештин катчылыгы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенет.