Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 7-майы ПЖ № 135
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- I бөлүмдө:
"Саясий мамлекеттик кызмат орундары" деген 1-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-глава. Саясий мамлекеттик кызмат орундары
Кыргыз Республикасынын Президенти
Жогорку Кеңештин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасы
Президенттин Администрациясынын Жетекчиси
Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Министрлер Кабинетинин мүчөсү
Мамлекеттик катчы
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл
Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары
Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси
Коопсуздук кеңешинин катчысы
Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги, Президенттин КР Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Министрлер Кабинетинин КР Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык соттогу ыйгарым укуктуу өкүлү,
Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысы, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, Президенттин атайын өкүлү, Министрлер Кабинетинин атайын өкүлү, КР Президентинин басма сөз-катчысы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын басма сөз-катчысы,
Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы,
Президенттин Администрациясынын секторунун башчысы, Президенттин Администрациясынын мамлекеттик инспектору, Президенттин Администрациясынын инспектору, Президенттин Администрациясынын эксперти,
Президенттин карамагындагы мамлекеттик органдын жетекчиси, Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчиси,
Министрлер Кабинетинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким";
"Атайын мамлекеттик кызмат орундары" деген 2-главада:
биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Конституциялык соттун төрагасы, төраганын орун басары, судьясы
Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басары, судьясы";
үчүнчү жана төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
тогузунчу абзацтагы "Кургактагы аскерлеринин командачысы," деген сөздөр алып салынсын;
онунчу абзацтагы "Өкмөттүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- II бөлүмдүн "Административдик мамлекеттик кызмат орундары" деген 4-главасында:
4.1-пунктунда:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараттары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Президенттин Аппараты", "Өкмөттүн Аппараты" деген графалар алып салынсын;
4.2-пунктунда "Жогорку соттун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр "Конституциялык соттун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4.3-пунктунда:
пункттун аталышындагы "Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы" деген сөздөр "Президентинин Иш башкармасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи графанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Президенттин Иш башкармасы";
4.8-пунктунда "Өкмөтүнө караштуу", "Өкмөттүн карамагындагы" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинетине караштуу", "Министрлер Кабинетинин карамагындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4.9-пунктунда "Өкмөтүнүн" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4.11-пунктунда:
"Жогорку кызмат орду" тобунун "Ж-А" категориясынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кеңешчиси, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчиси";
"Башкы кызмат орду" тобунда:
"Б-А" категориясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Б-А | Конституциялык соттун төрагасынын кеңешчиси Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси |
";
"Б-Б" категориясынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын кеңешчиси";
"Улук кызмат орду" тобунун "У-А" категориясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
У-А | Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты Жогорку Кеңештин Төрагасынын жардамчысы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жардамчысы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жардамчысы Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин жардамчысы Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын жардамчысы Конституциялык соттун төрагасынын жардамчысы Жогорку соттун төрагасынын жардамчысы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын жардамчысы Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын жардамчысы Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчисинин жардамчысы |
".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |