КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 2-сентябры ПЖ № 377
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө
Заманбап мамлекеттин технологиялык өнүгүүсүндө илимдин стратегиялык мааниси илимий жана инновациялык ишти өлкөнү социалдык-экономикалык жана маданий өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө багыттоо зарылдыгын аныктайт.
Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системасын мындан ары өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 22, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия болуп кайра түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |