Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 8-октябрындагы № 280
Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 377 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия (мындан ары - УАК) Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийген республикалык мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат, ал жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу функциясын жүзөгө ашырат.
УАК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, башка ченемдик укуктук актылары, анын ичинде ушул Жобону жетекчиликке алат.
УАК илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча өз ишин жүзөгө ашырууда көз карандысыз.
2. УАКтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун улуттук системасынын иштешин камсыз кылуу, илимдин жана экономиканын реалдуу секторунун өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү;
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында илимий уюмдардын, ошондой эле жогорку жана кошумча билим берүү, квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо мекемелеринин (мындан ары - жогорку билим берүү мекемелери) ишин, бул уюмдардын жана мекемелердин баш ийүүчүлүгүнө карабастан координациялоо;
- окумуштуулук даражаларга жана окумуштуулук наамдарга изденүүчүлөрдүн илимий жапа илимий-педагогикалык квалификациясынын деңгээлине жараша бирдиктүү талаптарды камсыз кылуу;
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларга болгон илимий-өндүрүштүк жана социалдык чөйрөнүн муктаждыктарын эске алуу менен аларды даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
- актуалдуу экономикалык жана (же) социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн кеңири колдонуу максатында диссертациялык изилдөөлөрдүн натыйжаларын жайылтууга катышуу;
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
3. УАК өзүнө жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун улуттук системасынын абалын талдайт жана өнүгүшүн болжолдойт;
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы илимий уюмдардын жана жогорку билим берүү мекемелеринин ишине координация жүргүзөт;
- илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте илимий уюмдарды аккредитациялоо тартибин иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларынын адистиктеринин номенклатурасын жана Кыргыз Республикасындагы окумуштуулук наамдар ыйгарыла турган адистиктердин тизмегин иштеп чыгат;
- диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештерди түзөт, алардын курамын бекитет, аларды каттоону жүргүзөт, аларга усулдук жардам көрсөтөт, алардын ишин контролдойт жана токтото турат (токтотот);
- диссертациялык кеңештерден келип түшкөн диссертацияларды карайт;
- диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештердин илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын ыйгаруу жөнүндө чечимдерин бекитет же болбосо аларды четке кагат;
- диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештердин өтүнүч каттарынын негизинде илимдин доктору окумуштуулук даражасын берет же бул өтүнүч каттарды четке кагат;
- жогорку билим берүү мекемелеринин жана илимий уюмдардын окумуштуулар кеңештеринин (кеңештеринин) өтүнүч каттарынын негизинде доценттин жана профессордун окумуштуулук наамдарын ыйгарат же болбосо тиешелүү окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч каттарды четке кагат;
- Кыргыз Республикасы окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө документтерди таануу жана эквиваленттүүлүгү жөнүндө келишим түзгөн мамлекеттердин аттестациялык органдары тарабынан берилген окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө документтерди нострификациялоону (теңдештирүү) жүргүзөт;
- аспирантураларды (адъюнктураларды) жана докторантураларды ачуу (жабуу) маселелерин макулдашат, аларга усулдук жардам берет;
- илимий-педагогикалык кадрлардын адистиктеринин паспортторун, атайын дисциплиналар боюнча кандидаттык экзамендерди өткөрүүнүн минимум-программаларын иштеп чыгат;
- окумуштуулук даражалардан жана окумуштуулук наамдардан ажыратууну (калыбына келтирүү), ошондой эле УАКка келип түшкөн апелляцияларды, жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын белгиленген тартипте карайт;
- илимдин кандидаты жана докторунун улуттук дипломдорун, доценттин жана профессордун улуттук аттестатын, философиянын доктору дипломунун (Doctor of Philosophy (PhD)) улуттук дипломунун сыпаттамаларын иштеп чыгат, ушул дипломдордун жана аттестаттардын дубликаттарын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүү үчүн киргизет, документтерди жана алардын дубликаттарын тариздейт жана берүү тартибин белгилейт;
- Диссертациялык изилдөөлөрдүн натыйжаларына талдоо жүргүзөт, алар боюнча мамлекеттик органдарга жана башка кызыкдар уюмдарга тийиштүү маалыматтарды берет, ошондой эле массалык маалымдоо каражаттарына маалымдайт;
- корголгон диссертациялардын эсебин алат, аларга жалпыланган талдоо жүргүзөт жана жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентине тиешелүү отчет берет;
- Кыргыз Республикасынын илимий-педагогикалык кадрлары жөнүндө маалымат банктарын түзөт, алардагы жаңылоолорду иш жүзүнө ашырат;
- аттестациялык делолорду жана башка документтерди сактоо үчүн архив түзүлөт, диссертациялар "Кыргыз Республикасынын Улуттук библиотекасына" мамлекеттик мекемесине өткөрүлүп берилет;
- УАКтын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча эл аралык, анын ичинде мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоого катышат;
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо менен байланышкан, мыйзамдарда каралган башка функцияларды жүргүзөт.
4. УАК өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо боюнча маалыматтарды суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана башка кызыкдар болгон мамлекеттик органдар (уюмдар) менен биргеликте илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоодо илимий-методикалык жетекчилик жана аспиранттардын (адъюнкттардын), докторанттардын, изденүүчүлөрдүн диссертацияларынын темалары боюнча сунуштарды иштеп чыгууга;
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча диссертацияны коргоо боюнча диссертациялык кеңештердин, жогорку билим берүү мекемелери менен илимий уюмдардын окумуштуулар кеңешинин (кеңештеринин) иштерин контролдоого;
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо маселелери боюнча эксперттер катары жогорку квалификациялуу адистерди ишке тартууга жана алардын ишмердүүлүгүнүн шарттарын аныктоого;
- диссертацияны коргоо боюнча диссертациялык кеңештердин ишин токтотууга (токтото турууга), ушул кеңештердин илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын берүү жөнүндө чечимдерин жокко чыгарууга, алардын окумуштуулук наамын ыйгаруу жөнүндө өтүнүчтөрүн четке кагууга;
- илимий жетекчилерди (илимий консультанттарды), расмий оппоненттерди, ошондой эле эксперттерди илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого жана аттестациялоого катышуу укугунан ажыратууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды жана башка адамдарды окумуштуулук даражасынан жана окумуштуулук наамынан ажыратууга (калыбына келтирүүгө);
- окумуштуулук даражаны берүү жана окумуштуулук наамды ыйгаруу, окумуштуулук даражаны берүү жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтерди нострификациялоо (теңештирүү), чет мамлекеттерден окумуштуулук даражаны же окумуштуулук наамды алган адамдарды кайрадан аттестациядан өткөрүү, окумуштуулук даражадан жана окумуштуулук наамдан ажыратуу (калыбына келтирүү) маселелери боюнча түшүндүрмө берүүгө;
- чет мамлекеттердин тиешелүү мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен түздөн-түз байланыштарды түзүүгө;
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо маселелери боюнча эл аралык конгресстерге, конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышууга;
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо менен байланышкан проблемаларды талкуулоо үчүн ведомстволор аралык кеңешмелерди чакырууга;
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо маселелери боюнча илимий жана маалыматтык-методикалык бюллетендерди, журналдарды жана башка материалдарды басып чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды иш жүзүнө ашырууга.
5. УАК актыларды кабыл алат (анын ичинде башка мамлекеттик органдар менен биргеликте же алар менен макулдашуу боюнча), ишке ашырууну уюштурат жана көрсөтүлгөн актылардын аткарылышын контролдойт.
6. УАКты Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу төрага жетектейт.
УАКтын төрагасына түздөн-түз баш ийген орун басары - башкы окумуштуу катчы болот, ал УАКтын төрагасынын сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
УАКтын төрагасы жана анын орун басары - башкы окумуштуу катчысы кызмат ордуна илимдин доктору окумуштуулук даражасы жана профессор окумуштуулук наамы бар адамдар, УАКтын аттестациялык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарына - илимдин доктору же илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар адамдар дайындалат.
7. УАКтын төрагасы:
- УАКтын ишине жетекчилик кылат жана жүктөлгөн функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- УАКтын төрагасынын орун басары - башкы окумуштуу катчысы менен УАКтын аттестациялык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт. УАКтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн функцияларын аныктайт;
- күтүү үчүн бөлүнгөн каражаттардын чегинде УАКтын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
- УАКтын президиумунун регламентин, УАКтын президиуму жөнүндө жобону бекитет;
- мыйзамдарга ылайык УАКтын кызматкерлерин кызматка кабыл алат жана кызматтан бошотот, бул кызматкерлерди сыйлоо жана тартиптик жаза чарасын колдонуу жөнүндө маселелерди чечет;
- УАКтын мамлекеттик кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу боюнча комиссияны түзөт;
- УАКтын токтомдоруна жана башка чечимдерине, анын президиумунун токтомдоруна кол коёт, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жана даярдоо маселелери боюнча буйруктарды чыгарат, илимдин доктору окумуштуулук даражаларын берүү жөнүндө улуттук дипломдорго, окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө улуттук аттестаттарга, кайрадан аттестациялоонун (теңештирүүнүн негизинде) натыйжасы боюнча берилүүчү илимдин кандидаты улуттук дипломдоруна, философиянын доктору (Doctor of Philosophy (PhD)) улуттук дипломуна, окумуштуулук даражалар жана наамдар жөнүндө документтердин дубликаттарына кол коёт;
- башка уюмдар, анын ичинде чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен өз ара мамилелерде УАКтын атынан чыгат.
8. УАКтын башкы илимий-аттестациялык органы болуп президиум саналат, ал окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
УАКтын Президиумунун чечимдери токтомдор формасында кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда УАКтын президиумунун төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет. Президиумдун ишинин башка маселелери анын регламентине ылайык чечилет.
УАКтын президиумунун санын жана жеке курамын УАКтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет. Президиумдун курамына УАКтын төрагасы (президиумунун төрагасы) жана орун басары - башкы окумуштуу катчы кирет. Ага ошондой эле илимдин доктору окумуштуулук даражалары жана профессор окумуштуулук наамдары бар, белгилүү илимий жана илимий-педагогикалык кадрлар киргизилет, ошол эле учурда алардын жеке курамы ар бир үч жылда, эреже катары кеминде үчтөн бирине жаңыртылат.
9. Окумуштуулук даражалардын жана окумуштуулук наамдардын изденүүчүлөрүнүн диссертацияларына жана аттестациялык делолоруна экспертиза жүргүзүү үчүн, илимий кызматкерлердин аттестациясы менен байланышкан башка маселелерди кароо үчүн УАКга илимдер тармагы же илимдин тиешелүү тармактарынын адистиктеринин топтору боюнча эксперттик кеңештер үч жылдык мөөнөткө, кийин алардын курамынын кеминде үчтөн бирин жаңыртып туруу менен түзүлөт.
Эксперттик кеңештер мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, жогорку билим берүү мекемелеринин жана илимий уюмдардын сунуштарын эске алуу менен түзүлөт.
10. УАКтын ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
УАКтын мүлкү Кыргыз Республикасынын менчигинде турат жана УАКка оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилет.
11. УАК юридикалык жак болуп саналат, банктарда учурдагы (алыш-бериш) эсеби жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана бланктары болот.