Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 14-сентябры ПЖ № 391
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |