Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2020-жылдын 10-октябры ПЖ № 194
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 17-январындагы "Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын органдарынын ишин мындан ары өркүндөтүүнү жана натыйжалуулугун көтөрүүнү камсыз кылуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 17-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдарын ыйгаруу тартиби жөнүндө жободо:
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангын ыйгарууга тиешелүү кызмат адамдары ээлеген кызмат ордун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси рангы болгондо көрсөтүлөт, буга ушул пункттун экинчи абзацында каралган учурлар кирбейт.
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангын ыйгарууга Кыргыз Республикасынын Башкы консулу анда Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси рангы жана жогорку категориядагы мамлекеттик сыйлыгы болгондо көрсөтүлүшү мүмкүн.";
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтын кызмат орундарын жана аларга тийиштүү чектелген жогорку дипломатиялык рангдардын тизмесинде:
- Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси рангына тийиштүү кызмат орундарынын тизмеси төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"* Кыргыз Республикасынын Башкы консулу (Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси рангы жана жогорку категориядагы мамлекеттик сыйлыгы болгондо)".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 9-февралындагы № 10 (3189) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Ш. Жээнбеков |