Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 17-январы ПЖ № 10
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдары жөнүндө
(КР Президентинин 2017-жылдын 21-октябрындагы ПЖ № 215, 2020-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 194 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылыайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) - Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кырыгз Республикасынын Атайын жаан Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдарын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылаыйк;
2) - Мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтын кызмат орундарын жана аларга тийиштүү чектелген жогорку дипломатиялык рангдардын тизмеси 2-тиркемеге ылайык;
3) - Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангын ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы 3-тиркемеге ылайык;
4) - Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси дипломатиялык рангын ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн күбөлүктөрдү даярдоо менен байланышкан маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн күбөлүктөрдү эсепке алуу, каттоо жана берүү милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) -. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-августундагы № 360 «Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчисинин дипломатиялык рангдарын берүү жөнүндө күбөлүктөрдүн сыпатталышын жана үлгүлөрүн бекитүү тууралуу» Жарлыгы;
2) - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-декабрындагы № 605 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги жөнүндө» Жарлыгы.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Ш. Атамбаев |
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдарын ыйгаруу жөнүндө жобо
(КР Президентинин 2017-жылдын 21-октябрындагы ПЖ № 215, 2020-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 194 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдарын ыйгаруунун тартибин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык ыйгарылат.
2. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдарын ыйгаруу
3. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси же Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу маселелерин тескеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, бирок тийиштүү кызмат орду үчүн каралган дипломатиялык рангдын чектелген жол берилген түрүнөн жогору эмес ыйгарылат.
4. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдары "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21 жана 27-беренелеринин жоболорун эске алуу менен өмүр бою ыйгарылат.
5. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси же Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдары ыйгарылган адамдарга Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык эмгек акысына атайын үстөк акы төлөнүп берилет.
6. Жогорку дипломатиялык рангдарды ыйгаруу тийиштүү күбөлүк берүу менен жана кызмат тизмесинде (эмгек китепчесинде) жазуу менен тастыкталат.
3. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдарын ыйгаруунун тартиби
7. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдары Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жетекчнсинин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
8. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдарын ыйгаруу жакшы мүнөздөмөгө ээ болгон учурда, ырааттуу түрдө, ээлеген кызматын, адистиги боюнча иш тажрыйбасын, квалификациясын жана кызматтык ишинин натыйжаларын эске алуу менен жүргүзүлөт.
9. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангын ыйгарууга тиешелүү кызмат адамдары ээлеген кызмат ордун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси рангы болгондо көрсөтүлөт, буга ушул пункттун экинчи абзацында каралган учурлар кирбейт.
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангын ыйгарууга Кыргыз Республикасынын Башкы консулу анда Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси рангы жана жогорку категориядагы мамлекеттик сыйлыгы болгондо көрсөтүлүшү мүмкүн.
(КР Президентинин 2020-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 194 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүңдө ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси рангы кызматы боюнча бул Жободо белгиленген тартипти сактоонун зарылдыгысыз ыйгарылат.
11. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси дипломатиялык рангын ыйгарууга ээлеген кызматын эске алуу менен жана 1-класстагы кеңешчи рангы бар болгондо жана анда үч жылдан кем эмес мөөнөттө болгондо тийиштүү жогорку кызмат адамдары көрсөтүлет.
12. Дипломатиялык кызматка жаңы орношкон, кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ишке ашырылган кызмат адамдары кызматтагы 2 жылдан кем эмес стажы, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашырууга натыйжалуу катышуусу эске алынып Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси дипломатиялык рангын ыйгарууга сунушталат.
13. Жумушу боюнча олуттуу эскертүү жана/же тартиптик жаза алган жана ал Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте алынбаган дипломатиялык кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдарын ыйгарууга көрсөтүлбөйт.
4. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдарын кезексиз ыйгаруунун, ошондой эле ажыратуунун жана калыбына келтирүүнүн тартиби
14. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдары тийиштүү кызмат адамдарына ушул Жободо көрсөтүлгөн ранг берүүнүн кезегин жана мөөнөттөрү боюнча чектерди сактабастан, өзүнүн кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы, активдүү, демилгелүү жана кынтыксыз кызматы, өзгөчө маанидеги жана татаалдыктагы атайын тапшырмаларды аткаргандыгы, ошондой аларды аткарууда кыйла ийгиликтерге жетишкендиги жана өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылышы мүмкүн.
15. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдарынан ажыратуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган негизде жана тартипте ишке ашырылат.
16. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдарын калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган негизде жана тартипте ишке ашырылат.
| 2-тиркеме |
Мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтын кызмат орундарынын жана аларга тийиштүү чектелген жогорку дипломатиялык рангдардын ТИЗМЕСИ
(КР Президентинин 2017-жылдын 21-октябрындагы ПЖ № 215, 2020-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 194 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
№ | Дипломатиялык рангдын аталышы | Кызмат орду |
1 | Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык кызматташтык маселелерин тескеген комитетинин төрагасы/экс-төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын эл аралык кызматташуу маселесин тескеген бөлүмдүн башчысы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси * Кыргыз Республикасынын Башкы консулу (Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси рангы жана жогорку категориядагы мамлекеттик сыйлыгы болгондо) Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү |
2 | Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси | Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эл аралык кызматташуу маселесин тескеген бөлүмдүн башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу маселесин тескеген бөлүмдүн башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын эл аралык кызматташуу маселесин тескеген бөлүмдүн кызматкерлери Өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчи - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Департаментинин директору Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ыйгарым укуктуу аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси |
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангын ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы
Мукабасы күрөң түстөгү булгаарыдан жасалган. Бүктөлгөн түрүндөгү форматы - 145x105 мм.
Бетинде - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана күбөлүктүн кыргыз тилиндеги аталышы:
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ" деген текст коло фольгага бастырылып жазылган.
Арткы бетинде - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана күбөлүктүн орус тилиндеги аталышы:
"ЧРЕЗВЫЧАЙНЫЙ И ПОЛНОМОЧНЫЙ ПОСОЛ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ" деген текст коло фольгага бастырылып жазылган.
Кошумча баракча калыңдыгы 200 гр/кв.метр жылтырак кагазга басылган. Анын бүктөлгөндөгү форматы - 140x100 мм. Ачылганда эки тарабында кыргыз оймолорунун элементтери бар татаал тангир торчосуна "Кыргыз Республикасы" деген микрошрифт басылган, ортосунда Кыргыз Республикасынын түстүү Мамлекеттик герби жайгаштырылган. Ар бир тараптын жогору жагында өзүнчө кыргыз жана орус тилдеринде күнү жана каттоо номерин көрсөтүү менен "Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы", төмөнкү бөлүгүндө - "Кыргыз Республикасынын Президенти", мамлекет башчысынын фамилиясы, аты-жөнү басылган. Төмөнкү бурчунун сол жагында тигинен документтин сериясы жана каттоо номери жайгаштырылган.
Кошумча баракчанын биринчи бетинде кыргыз тилинде Ф.А.Ж. барыш жөндөмөдө жана төмөнкү редакциядагы текст басылат:
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ деген дипломатиялык ранг берилсин".
Кошумча баракчанын экинчи бетинде орус тилинде Ф.А.Ж. барыш жөндөмөдө жана төмөнкү редакциядагы текст басылат:
"ПРИСВОЕН ДИПЛОМАТИЧЕСКИЙ РАНГ ЧРЕЗВЫЧАЙНЫЙ И ПОЛНОМОЧНЫЙ ПОСОЛ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ".
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси дипломатиялык рангын ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы
Мукабасы күрөң түстөгү булгаарыдан жасалган. Бүктөлгөн түрүндөгү форматы - 145x105 мм.
Бетинде - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана күбөлүктүн кыргыз тилиндеги аталышы:
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ КИЧИ ЭЛЧИСИ" деген текст коло фольгага бастырылып жазылган.
Арткы бетинде - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана күбөлүктүн орус тилиндеги аталышы:
"ЧРЕЗВЫЧАЙНЫЙ И ПОЛНОМОЧНЫЙ ПОСЛАННИК КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ" деген текст коло фольгага бастырылып жазылган.
Кошумча баракча 200 гр/кв.метр калыңдыктагы жылтырак кагазга басылган. Анын бүктөлгөндөгү форматы - 140x100 мм. Ачылганда эки тарабында кыргыз оймосунун элементтери бар татаал тангир торчосуна "Кыргыз Республикасы" деген микрошрифт басылган, ортосунда Кыргыз Республикасынын түстүү Мамлекеттик герби жайгаштырылган. Ар бир тараптын жогору жагында өзүнчө кыргыз жана орус тилдеринде күнү жана каттоо номерин көрсөтүү менен "Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы", төмөнкү бөлүгүндө - "Кыргыз Республикасынын Президенти", мамлекет башчысынын фамилиясы, аты-жөнү басылган. Төмөнкү бурчунун сол жагында тигинен документтин сериясы жана каттоо номери жайгаштырылган.
Кошумча баракчанын биринчи бетинде кыргыз тилинде Ф.А.Ж. барыш жөндөмөдө жана төмөнкү редакциядагы текст басылат:
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ КИЧИ ЭЛЧИСИ деген дипломатиялык ранг берилсин".
Кошумча баракчанын экинчи бетинде орус тилинде Ф.А.Ж. барыш жөндөмөдө жана төмөнкү редакциядагы текст басылат:
"ПРИСВОЕН ДИПЛОМАТИЧЕСКИЙ РАНГ ЧРЕЗВЫЧАЙНЫЙ И ПОЛНОМОЧНЫЙ ПОСЛАННИК КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ".